icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында маалыматтык сессиялар уланууда. Ош жана Жалал-Абад шаарларында адистер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

👁 229

Опубликовано: 17 мая 2024
Обновлено: 20 мая 2024

Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РИБ) адистери жана жергиликтүү саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришүүдө.

Катышуучулар вакцина менен башкарылуучу инфекциялар жөнүндө суроолорду бере алышты. РИБнын кызматкерлери кызамык эмне үчүн коркунучтуу экенин, анын кесепеттери кандай болоорун, эмне үчүн балдарды селеймеге жана көк жөтөлгө каршы эмдеш керектигин, кургак учук жана полиомиелит эмнеси менен коркунучтуу болгонун жана эмдөө бул оорулардан кантип коргойт турганын айтып беришти. Маалыматтык сессиялар маалында полиомиелиттин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Уюштуруучулар маанилүү жолугушуу эсте калсын деп балдарга жагымдуу белектерди тапшырышты.

Эл арасында түшүндүрүү иштери өлкөнүн ар кайсы аймактарында улана бермекчи.