icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгына арналган педиатрлар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн тегерек стол аяктады

👁 226
Опубликовано: 29 мая 2024

Бүгүн, 29-майда КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери Бишкектин жана Чүй облусунун МСЭКБ адистери менен чогуу педиатрлар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн тегерек стол өткөрүштү.

Тегерек столдо вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча чараларга, ошондой эле кызамык жана көк жөтөл оорулары боюнча эпидемиологиялык кырдаалга тиешелүү бир катар маселелер талкууланды.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун эпидемиологу Айчүрөк Макилова, Бишкек шаардык МСЭКБнын иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова, Чүй облусунун облустук иммунологу Тарбия Мустафаева иш-чарада баяндама жасашты. Катышуучулар “2020-2024-жылдарга “Иммунопрофилактика” программасын ишке ашыруу”, “Кызамык жана көк жөтөл оорулары боюнча эпидемиологиялык кырдаал”, “Вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын алдын алуу, вакциналардын натыйжалуулугу жана коопсуздугу, алардын сапаты” деген темаларга даярдалган презентациялар менен тааныша алышты.

Тегерек столдун катышуучулары өз суроолорун узатып, вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга каршы күрөшүү жана калк менен иш алып баруу боюнча тажрыйба алмашты.

Бул иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги №407 “Кыргыз Республикасында Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Эсиңизге салсак, май айында Ош шаарында жана Ош облусунда да тегерек столдор өтүп, анын катышуучулары вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү чараларды талкуулашкан эле.