icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда кызамык оорусу азайып жатат

👁 133
Опубликовано: 16 июля 2024

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, 2024-жылдын 1-июлунан 15-июлуна чейин өлкөдө кызамык оорусунун 360 учуру катталды.

Кызамыкты жуктургандардын саны өткөн айларга салыштырмалуу азайды, бирок Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында вирус стационардык очоктордун эсебинен дагы эле тамырын жаюуда.

Кызамык оорусунун жаңы учурлары ай сайын азайып жатканына карабастан, вирус дагы эле кооптуу деңгээлде турат. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Кошумча жана тазалоочу эмдөө өнөктүктөрү кызамык менен күрөштө маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.

Өнөктүктүн экинчи этабынын алкагында фокус-топко кирген 178 248 баланын ичинен 136 645 бала же 77 пайызы эмделди. Пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

Жыл башында эмдөө боюнча ушундай эле өнөктүк Жалал-Абад облусунун аймагында да өткөрүлүп, максаттуу топко кирген 183 607 баланын ичинен 161 546 бала эмделген (88%).

Республикалык иммунопрофилактика борбору өлкөнүн аймактарында медициналык кызматкерлер үчүн тренингдерди демилгелеп, аларды туруктуу негизде өткрүп келатат. Тренингдерде вакцинага каршы көрсөтмөлөр, алардын коопсуздугу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу маалыматтар берилет.

Бул иштер:

✔️ республиканын бүткүл аймагында пландуу эмдөөнү күчөтүү максатында;

✔️ вакцина алуудан баш тарткан ата-энелерге назарды буруп, профилактикалык эмдөөлөрдүн масштабын кеңейтүү үчүн жасалып жатат;