icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина коопсузбу?

👁 70
Опубликовано: 22 июля 2024

❗ Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө (ККВ) өнөктүгү эмне үчүн өткөрүлүп турат?

✔️ Эмдөө өнөктүгү балдарды өтө жугуштуу вирустук оорулардын катарына кирген кызамыктан жана кызылчадан коргоо максатында жүргүзүлөт. Кызамык 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 136 000 адамдын өмүрүн алып кеткен, ал эми кызылча тубаса кемтиктерди пайда кылат.

✔️ Кызамыкты жана кызылчаны дарылоонун ыкмасы жок, бирок вакциналардын жардамы менен экөөн тең алдын алууга болот.

✔️ 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдарды эмдөөдөн өткөрүп, Кыргызстан кызамык оорусун жок кылууга умтулуп жатат.

❗Өнөктүк маалында кызамыкка жана кызылчага каршы вакцинаны кимдер алууга тийиш?

✔️ Бала кызамыкка каршы эмделбесе, бир эле дозасын алса, кызамыкка каршы эмдөө жөнүндө дайындар болбосо жана буга чейин кызамык менен оорубаса, анда 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы (эмдөө жүргүзүлүп жаткан маалдагы жашы) бардык балдар эмдөөдөн өтүшү керек.

❗ Буга чейин пландуу эмдөөнүн алкагында бала кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы вакцина алды дейли. Өнөктүктүн алкагында вакцинанын кошумча дозасын алса, зыян тийгизбейби?

✔️ Кошумча доза кызамыктан жана кызылчадан кошумча коргоону камсыз кылат.

✔️ Кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина, айрыкча ВКЭ өнөктүгүндө колдонулган вакцина коопсузбу?

❗ ККВ вакцинасы өтө коопсуз жана натыйжалуу вакцина, ал дүйнөнүн 170 өлкөсүндө колдонулуп келатат. Биздин өлкөдө Индияда чыгарылган ККП жана ККВ Serum Institute of India вакцинасы колдонулат (“Индиянын сыворотка институту” деп которулат). Бул компания сатылган дозалардын саны боюнча (1,5 миллиарддан ашык) дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчү болуп саналат.

Планетадагы балдардын болжол менен 65% ушул өндүрүүчү чыгарган вакцинанын жок бери дегенде бирин алышкан. Бул вакциналарга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген жана 170тен ашуун өлкөдө колдонулуп келатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 298 191 бала кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын жүрүшүндө коопсуз вакцина алышты.⠀

✔️ ККВ вакцинасынын терс таасирлери барбы? Башка инъекциялык вакциналар сыяктуу эле, ийне сайылган жер бир аз ооруксунуп, кызарышы мүмкүн, баланын дене табы көтөрүлүп, исиркек чыгып, булчуңу оорушу ыктымал. Бирок, эмдөө кайсы жерге гана өтсө да – мектепте же көчмө бригадалар аркылуу болсун – вакцинаны толук даярдыктан өткөн медициналык кызматкерлер сайышат. Вакцина алгандан кийин балдар окуусун же спорт менен машыгууну уланта беришет. Эмдөөдөн кийин пайда болгон белгилерди бала оорунун өзүнө караганда алда канча жеңил көтөрөт. Вакцинанын өзүнө караганда эмделбегенден улам ооруну жуктуруп алып, анын оор кесепеттери менен күрөшүү кыйын болот.⠀

✔️ Кимдер эмдөөдөн өтпөшү керек? Эгерде баланын дене табы көтөрүлүп же кандайдыр бир олуттуу ооруга чалдыкса, ооруканага жаткырылса же буга чейин кызамыкка/кызылчага каршы вакцинага катуу аллергиясы болсо, эмдөөдөн өтпөйт. Иммундук таңкыстыгы бар же иммунодепрессант алган же стероиддердин жогорку дозаларын алган балага эмдөөгө дарыгерден уруксат сураш керек.

✔️ Кызамыкка жана кызылчага каршы вакциналар дүйнө жүзү боюнча колдонулуп жатабы? Ооба, ондогон жылдар бою колдонулуп келатат. Америка чөлкөмү балдарды кызамыкка жана кызылчага каршы вакциналар менен эмдеп, бул оорулардын жайылышын токтото алды.