icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында медицина кызматкерлери үчүн тренингдер өтүп жатат

👁 196
Опубликовано: 10 июля 2024

Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында медицина кызматкерлери үчүн тренингдер өтүп жатат. Тренингдер кызамык жана кызылча ооруларынын тамыр жайып жатканына жооп катары кошумча эмдөө боюнча өнөктүктүн экинчи этабына карата тазалоочу эмдөөгө арналды.

Медиктер үчүн сабактарды Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун кызматкерлери, ошондой эле облустук адистер өткөрүп жатышат. Тренингдердин программасына кызамык жана кызылча боюнча эпидемиологиялык кырдаал, тазалоочу эмдөө өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү, муздак чынжырды кармоо, ошондой эле вакциналарды натыйжалуу башкаруу стандарттарын сактоо жөнүндө маалыматтар камтылган.

Медициналык каршы көрсөтмөлөргө, вакциналарды катуу көзөмөлдөөгө жана аймактарда ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүп, вакциналардын пайдасы жана коопсуздугу жөнүндө агартуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, катышуучулар өнөктүктүн алкагында микро-пландоону талкуулап, тренерлерге каалаган суроолорун узата алышат.⠀

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 5-мартындагы №237 “Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык оорусунун андан ары жайылышын токтотуу жана алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-аракеттердин планын бекитүү жана Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.