icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Республикага вакциналарды жана дары-дармек каражаттарын ташуу үчүн 16 автопикап келди

👁 269
Опубликовано: 3 июня 2024

Республикага вакциналарды жана дары-дармек каражаттарын ташуу үчүн 16 автопикап келди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылы Вакциналар жана эмдөө боюнча Глобалдык альянстын (ГАВИ) “Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы” грантын ишке ашыруу максатында 1 млн 200 миң долларга 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү автопикаптарга өтүнмө берген. Бүгүнкү күндө өлкөгө 16 автопикап келди, бир айдан кийин дагы он автоунаа келет деп күтүлүүдө. Автопикаптар КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) ГАВИ жол-жоболору боюнча Меморандумунун алкагында сатып алынып, жеткирилди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жамааты кырдаалды талдап чыгып, өтүнмө жиберүү үчүн негиздемелерди даярдап, ЮНИСЕФ менен чогуу автопикаптарды тандап, тендердик жана техникалык документтерди тариздөө боюнча кыйла көп иштерди жасашты.

1-июнда, ишемби күнү Бишкекте 16 атайын автоунааны өткөрүп берүү аземи өттү.

Автопикаптар алыскы аймактарга оңой эле жете алышат. Автоунаалар ошондой эле вакциналарды күндүн түз нурунан коргоо үчүн атайын панелдер менен да жабдылган.

“Бүгүнкү күндө адистештирилген автоунааларды өткөрүп берүү саламаттык сактоо системабызды бекемдөөгө карай жасалган маанилүү кадам болуп калды. Бул машиналар вакциналарды өлкөбүздүн эң алыскы аймактарына да жеткирүүгө мүмкүндүк берет, бул эмдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатып, жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Туруктуу колдоосу жана Кыргызстандагы саламаттык сактоону жакшыртууга кошкон салымы үчүн ГАВИге жана ЮНИСЕФке абдан ыраазыбыз”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

“Кызамык, кызылча же көк жөтөл сыяктуу коркунучтуу ооруларга каршы вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн аларды өзгөчө шарттарда сактап, кылдааттык менен жеткириш керек. Ошондуктан инфраструктураны жакшыртуу ар бир баланын өтө маанилүү вакциналарга жетүүсүнө тикелей таасирин тийгизет”, — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Бул автопикаптар эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн вакциналарды жана дары-дармектерди алыскы райондорго жана жолу татаал аймактарга ташып жеткирүү үчүн облустук жана райондук коомдук саламаттык сактоо кызматтарына өткөрүлүп берилет.