icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү максатында КР Саламаттык сактоо министрлигине компьютерлер жана жеке коргонуу каражаттары өткөрүлүп берилди

👁 26
Опубликовано: 13 октября 2024

Бүгүн, 11-октябрда 117 компьютерди жана 9500дөн ашык жеке коргонуу шаймандарын өткөрүп берүү аземи өттү.

Электрондук саламаттык сактоо борбору маалыматтык системаны иштеп чыккан, бул система жаңы төрөлгөн ымыркайларды эненин жеке идентификациялык номери (ЖИН) боюнча өз убагында каттоого мүмкүндүк берет. Бул система ар бир балага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилдеген эмдөө жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында алууга шарт түзөт. 

ГАВИнин саламаттык сактоо системасын бекемдөө боюнча грантын (ССБ-3) ишке ашыруунун алкагында 117 компьютер келди, алар Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун, атап айтканда, төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоону башкаруу жаатындагы ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Кыргызстанга берилген гуманитардык жардамдын алкагында ЮНИСЕФтен 9 миңден ашык жеке коргонуу каражаты алынды. Бул каражаттар өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо кызматына өткөрүлүп берилет жана аларды жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери колдонушат.

Расмий азем саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапанын катышуусунда өттү.

“Санариптештирүү Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп саналат. Жаңы төрөлгөндөрдү энесинин идентификациялык каттоо номери боюнча каттоо үчүн маалыматтык системаны киргизүү ар бир баланын медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кыйла жакшыртат. 

ГАВИнин гранты жана ЮНИСЕФтин гуманитардык жардамы менен биз өлкөнүн эң алыскы аймактарында медицина кызматкерлерин керектүү ресурстар, анын ичинде коргоо каражаттары жана эмдөө үчүн жабдуулар менен камсыздап жатабыз, муну менен саламаттык сактоо системасын чыңдоону уланта бермекчибиз”, — деди КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри эл аралык уюмдардын колдоосу канчалык маанилүү болгонун баса белгилеп, саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө көрсөткөн көмөгү үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгын билдирди.

Жаңы “Медициналык маалымкат” маалымат системасынын ишин күчөтүү үчүн компьютерлер өлкө боюнча 72 төрөт үйүнө таратылып берилет. Бул система эненин жеке идентификациялык номерин колдонуу менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды ыкчам каттоону камсыз кылат, бул ар бир балага мамлекеттик медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында алууга мүмкүндүк берет.

Өткөрүлүп берилген жабдуулардын жана коргоо каражаттарынын жалпы наркы 10 миллион сомдон ашат (болжол менен 120 000 АКШ доллары), муну ЮНИСЕФ менен Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) каржылады.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо системасын бекемдөө максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече жылдан бери ГАВИнин гранттарын ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. Балдар өз убагында жана коопсуз эмдөөгө жетсин деп жакында эле ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен вакциналарды өлкө боюнча ташып жеткирген 26 автоунаа Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.