Эмдөө организмдин иммундук реакциясын козгойт. Иммундук система вирус же бактерия сыяктуу оорунун козгогучун тааныйт. Андан кийин антителолордун өндүрүшү башталат. Ошондой эле ал келечекте аны менен күрөшүү үчүн козгогучту эстеп калат. Эгер бул козгогуч организмге кайра кирсе, иммундук система аны тез арада жок кылып, оорунун өнүгүшүнө жол бербейт.
⠀
🔺 Биздин иммундук система эс тутумга ээ. Вакцинанын бир же бир нече дозасын алгандан кийин, биз көп жылдар бою, атүгүл өмүр бою тигил же бул оорудан коргоого ээ болобуз. Дал ушул нерсе вакциналарды ушунчалык натыйжалуу каражатка айлантат.