icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Вакциналарды ташып жеткирген айдоочулар үчүн тренинг

👁 150
Опубликовано: 2 октября 2024

2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Бишкекте республиканын ар кайсы аймактарынан келген авторефрижераторлордун айдоочулары вакцина препараттарын ташууда температурага мониторинг жүргүзүү жөнүндө билим деңгээлин жогорулатышты.

Бул тренинг ЮНИСЕФтин техникалык жардамы алдында Канада Өкмөтүнүн грантынын эсебинен Carrier Transicold корпорациясынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Бул корпорация авторефрижераторлор үчүн муздатуучу агрегаттарды өндүрөт. Ушундай эле тренинг 2 жыл мурда өткөрүлгөн. Айдоочулар вакциналарды ташуу учурунда температуралык режимди сактоо боюнча техникалык көндүмдөрүн туруктуу негизде жогорулатып турушат.

Эмдөөнүн коопсуз практикасын камсыз кылуу, иммунизациялоонун коопсуздугуна эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасына интеграцияланган ыкманы киргизүү жана вакцина препараттарын талаптагыдай ташуу окутуунун максаты болуп саналат.

Төмөнкү милдеттер коюлган:

▶️ ар бир сапар маалында температура жогору же төмөн болгону тууралуу бардык сигналдарга ыкчам жана туура чара көрүү керек;

▶️ температураны туруктуу көзөмөлдөгөн авторефрижератор: айдоочу кабинасына орнотулган монитордон муздатуучу камерадагы температуранын көрсөткүчүн саатына бери дегенде бир жолу текшерип турушу керек; 

▶️ ар бир сапардын соңунда борттук журнал/каттам жөнүндө отчет толтурулат.

Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

✔️ Вакциналарды ташуу учурунда вакциналарды жана эриткичтерди термоконтейнерлерге салуу;

✔️ Вакциналарды ташууда температуралык режимге мониторинг жүргүзүү;

✔️ Авторефрижераторго жүк салуу жана иштетүү.

Маалымат үчүн: Ушул тапта колдонулуп жаткан вакциналар ташууда жана сактоодо белгилүү бир температуралык режимди так сактоону талап кылат. Бул талаптарды бузуу вакциналардын иммуногендик активдүүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготуусуна алып келет. Катаал система — муздатуучу чынжыр сакталышы керек.

Муздатуучу чынжыр – бул вакциналарды өндүрүүчү ишканадан эмдөөнү ала турган адамга чейинки жолдун бардык этаптарында вакциналарды сактоонун жана ташуунун туура температуралык режимин камсыз кылган уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралардын туруктуу иштеген системасы. Муздатуучу чынжырды сактоо менен гана вакцинаны айлана-чөйрөнүн улам өзгөрүп турган температурасынын таасиринен сактап калууга болот.