icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык боюнча кырдаал

👁 70
Опубликовано: 27 марта 2024

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, 2024-жылдын 25-мартына карата өлкөдө кызамык оорусунун 6545 учуру катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2074, Ош шаарында 393, Ош облусунда 1016, Баткен облусунда 163, Чүй облусунда 1522, Жалал-Абад облусунда 1109, Ысык-Көл облусунда 103, Талас облусунда 93 жана Нарын облусунда 72 учур катталды.

Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорунун көрсөткүчүнүн жогору болгонуна оорулуулар менен байланышта болгон адамдар арасында вирустун кеңири жайылып жатканы себепчи.

Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө. Эскерте кетсек, Кыргызстанда кызамык оорусуна жооп иретинде эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт.⠀

Эмдөөнү ҮМБдан/ҮДТдан/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Бардык башка облустарда кызамыкка-паротитке-кызылчага (КПК) каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылчага-кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.