icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Өлкөнүн аймактарында көчмө бригадалар жигердүү иш алып барууда.

👁 37
Опубликовано: 23 апреля 2024

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери профилактикалык вакциналарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адам алсын деп, эмдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле адистер тургундардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 22-28-апрель күндөрү Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында иш-чаралар башталды. Бул жылы жумалык ДСУнун Эмдөө боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгына жана Кыргызстандагы улуттук иммунизациялоо программасынын 30 жылдыгына арналды. Өнөктүктү Саламаттык сактоо министрлиги Европа Биримдигинин (ЕБ), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ), ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коомунун колдоосу менен жүргүзүп жатат. Бул өнөктүк мүмкүн болушунча көбүрөөк кыргызстандыкка эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан кантип коргоп келгени тууралуу маалыматты жеткирүү максатын көздөйт.

Өнөктүк вакциналарга бирдей жана кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилеп, ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоого өбөлгө түзөт.