icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Вакциналар аутизмге алып келбейт

👁 40
Опубликовано: 9 апреля 2024

Эмдөөлөр менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экени далилденген!

…Бардык эл аралык адистер бир тыянакка келишкен: жалпысынан эле эмдөөлөр, анын ичинде кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы вакциналар аутизмге алып келбейт. Бул тыянакты изилдөөлөрдүн жыйынтыктары да тастыктап турат.

1999-жылы изилдөөчү Брент Тейлор (Brent Taylor) жана анын кесиптештери дыкат көзөмөлдөнгөн изилдөө жүргүзүп чыгышкан. Бул изилдөөнүн алкагында кызамыктан, паротиттен жана кызылчадан эмдөө менен аутизмдин өнүгүшүнүн ортосундагы байланыш текшерилген.

Изилдөө үчүн Англиянын North Thames аймагында аутизмден жапа чеккен балдар жөнүндө 1988-жылга чейинки жана андан кийинки жазуулар тандалып алынган (1988-жылы бул эмдөө Улуу Британиянын Эмдөөлөр календарына кошулган). Окумуштуу төмөнкүдөй тыянактарга келген:

✔️ Аутизмден жапа чеккен да, бул оорунун белгилери аныкталбаган да балдардын арасында вакцина алгандардын пайызы бирдей болуп чыккан.

✔️ Вакцинаны алган да, аны албаган да балдарда аутизм диагнозу коюлган куракта айырмачылыктар аныкталган эмес.

✔️ Эмдөө алгандан баштап аутизмдин алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт аралыгы ар бир учурда ар башкача болуп чыккан.

Бул тыянактар эмдөөлөр менен оорунун ортосунда биологиялык байланыш жок экенин тастыктап турат.

Изилдөөчү Натали Смит (Natalie Smith) “Journal of American Medical Association” илимий журналында жарыялаган жана изилдөөчү Гершель Джик (Hershel Jick) “British Medical Journal” басылмасында жарыялаган изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдар арасында аутизмдин белгилүү болгон учурлары эмдөөгө байланыштуу эмес.

Эмдөөлөр менен аутизмдин ортосундагы байланышты текшерген ири изилдөө тууралуу маалымат 2002-жылдын ноябрь айында АКШдагы абройлуу The New England Journal of Medicine басылмасына чыккан. Бул изилдөөгө Даниядан 537 000 бала катышкан, алардын жарымы вакцина алса, жарымы эмделген эмес. Эмдөөдөн кийин алты жыл өткөн соң бул балдар кайрадан текшерилип, вакцинаны алган да, аны албаган да балдар арасында аутизмдин таралышы бирдей экени аныкталган.

Катуу оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы – эмдөө!