icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык боюнча кырдаал

👁 42
Опубликовано: 12 апреля 2024

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору 2024-жылдын 8-апрелине карата өлкөдө кызамык оорусунун 7 864 учуру катталганын маалымдайт.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды. 

Эксперттер вирус Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын белгилешүүдө. Бул аймактарда оорулуу адамдардан вирусту жуктуруп алчу адамдар көп экени мына ушундай көрсөткүчкө себеп болуп жатат.

Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөткөн.

Урматтуу ата-энелер! Балаңызды эмдөө менен, сиз анын коопсуздугун камсыз кылып, баланы жана айланадагы адамдарды олуттуу оорудан коргогон болосуз.