icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Европалык иммунизация жумалыгы муундар үчүн эмдөөнүн маанилүү экендигин баса белгилейт

👁 45
Опубликовано: 22 апреля 2024

Светлана Бегунова, [22 апр. 2024 г., 11:31:35]:

…Бүгүн 2024-жылдын 22-апрелинен 28-апрелине чейин белгиленген Европалык иммунизация жумалыгы башталды. Бул жылы жумалык ДСУнун Иммунизация боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгын жана Кыргызстандын улуттук эмдөө программасынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган. Евробиримдиктин, ДСУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги жетектеген кампания эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен алдын ала турган оорулардан кантип коргогондугун көрсөтөт.

Негизги максат – жугуштуу оорулардын алдын алуу чарасы катары эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү. Бул жумалыкта узак жана ден-соолукта өмүр сүрүүгө салым кошкон вакциналарга кеңири жол ачууга чакырыктар айтылат.

1974-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгеленген Иммунизация боюнча кеңейтилген программа ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналарга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Акыркы 50 жыылда вакциналар дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап, жугуштуу оорулардын жүгүн азайтып, дени сак келечекке жол ачты.

Кыргызстан калкты эмдөөдө орчундуу ийгиликтерге жетишти. БДСУнун Европа аймагынын башка өлкөлөрү менен биргеликте 2002-жылы Кыргызстан полиомиелиттен эркин өлкө катары тастыктама алган. Акыркы жылдарда ВИГА, БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында  Кыргызстандын улуттук эмдөөлөр календарына бир нече жаңы вакциналар: 2016-ж., пневмококк конъюгацияланган вакцина, 2018-ж., полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-ж., ротавирус вакцинасы жана 2022-ж., адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы вакцина киргизилди. 

Бул жетишкендиктерге карабастан эмдөөлөрдөн баш тартуулар “Бир кумалак бир карын майды чиритет” деген макал сындуу кала берүүдө жана бул БДСУнун Европа аймагында кайрадан кызамыктын пайда болуусунун себептеринин бири болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кызамыктын 8029 учуру 2024-жылдан бери катталды. Эмдөө вакциналардын жардамы менен бөгөт коюлучу кызамыктын жана башка оорулардын жайылуусун алдын алуунун кыйла натыйжалуу каражаты болуп кала бере тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл. Вакцинанын бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана коомчулуктун иммунизация программаларына карата ишенимин бекемдөө аркылуу биз учурдагы жана келечектеги муундардын ден соолугун сактап кала алабыз.  

«Кыргызстан 20 жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык иммунизация жумалыгын өткөрүүдөгү демилгесин колдойт, 2024-жылы ал “Муундарды коргоо” урааны астында өтүп жатат. Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан калкты пландуу иммунизациялоонун жардамы менен кептөөр, селейме, жаңы төрөлгөн балдардагы кургак учук менингити, “В” вирустук гепатити 5 жашка чейинки балдар арасында катталган жок. 1993-жылдан тарта өлкө полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана КР Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизациялоо программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка иммунизациянын сапаттуу кызматтарынын адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшап жатат”, — деп белгиледи Анара Мамбетисаева, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси.

“Европалык иммунизация жумалыгы – бул коммуникациялык иш-чараларды, ошондой эле жогорку тобокелчилик тобундагы калкка иммунизация жүргүзүү аркылуу иммунизациялоого көңүл бурдуруу үчүн колдонулуучу регионалдык демилге.  Саламаттык сактоо министрлиги жана биздин өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин, анын ичинде улуттук иммунизация программасынын талыкпаган ишинин жардамы менен биз калктын ден соолугун чыңдоодо чоң прогресске жетиштик. Бирок Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөгү кызамыктын чыгышы, адамдарды эмдөө маселеси туруктуу көңүл бурууну талап кыла тургандыгын көрсөтүүдө.

Биз Кыргызстандын кызамыктын чыгуусуна бөгөт коюуга багытталган күч-аракетин жогору баалайбыз жана ден соолук сакчысы болуп кала беребиз”, -деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы БДСУнун өкүлү, д-р Ливиу Ведраско.

«Эмдөө — Кыргызстандагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн гана эмес, аман калышы үчүн да эң зарыл чара. Азыркы учурда бул эң эффективдүү коомдук саламаттыкты сактоо чарасы. ЮНИСЕФ ар бир бала эмделип, анын ден соолугун коргоо үчүн Өкмөт жана башка өнөктөштөр менен иштөөнү улантууда», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Сильви Хилл.

“Мен өлкөбүздө эмдөөнү өнүктүрүүгө жардам берип жаткан бардык өнөктөштөргө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Эмдөөнү колдогон ар бир ата-энеге да ыраазымын, себеби дал ушундай жол менен коомубузду колдоп, коргоп кала алабыз. Кызамыктын күч алышына жооп катары өткөрүлгөн өнөктүктүн алкагында биз жарым миллиондон ашык баланы коргой алдык. Жакшы кабарым бар. Жооп чаралардын натыйжасында өткөн жумага салыштырмалуу кызамык менен ооругандардын саны 1,8 эсе азайды. Талас облусунун аймагында бир дагы жаңы учур катталган жок, ал эми Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын аймагында оору азайып баратканы байкалууда. Жалпыбыздын күч-аракетибиз менен биз кызамыкты жеңе алабыз”, — деди Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

***

Маалымдама: жыл сайын БДСУнун Европа аймагында оорулардын алдын алуу жана өмүрлөрдү коргоо үчүн аябагандай чоң мааниге ээ болгон иммунизацияны жайылтууга багытталган Европалык иммунизация жумалыгы (ЕИЖ) өтөт. Алгачкы жолу ЕИЖ 2005-ж., өткөн жана ага Аймактагы болгону бир нече өлкө катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакциналардын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу экендиги тууралуу маалыматты жайылтуу жолу менен эмдөөгө камтууну көбөйтүүдө турган. ЕИЖ ошол замат Аймактагы коомдук саламаттык сактоо тармагындагы эң эле көрүнүктүү жана белгилүү кампаниялардын бири болуп калды жана Кыргызстанда БДСУ долбоору – Борбор Азия боюнча COVID-19га жооп кайтаруу боюнча Европа биримдигинин (CACCR) колдоосу астында жүзөгө ашырылып жатат.