icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бүгүн борбор калаанын Дордой жана Калыс-Ордо жаңы конуштарында Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында маалыматтык сессиялар өттү.

👁 31
Опубликовано: 26 апреля 2024

Республикалык иммунопрофилактика борборунун  жана Бишкек шаардык МСЭКБ кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Катышуучулар вакцина менен башкарылуучу инфекциялар жөнүндө көбүрөөк маалымат алышты. РИБдин кызматкерлери кызамык эмне үчүн коркунучтуу экенин, анын кесепеттери кандай болоорун, эмне үчүн балдарды селеймеге жана көк жөтөлгө каршы эмдеш керектигин, кургак учук жана полиомиелит эмнеси менен коркунучтуу болгонун жана эмдөө бул оорулардан кантип коргойт турганын айтып беришти. Сессия маалында полиомиелиттин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.⠀

Жаңы конуштун тургундары да өз ойлору менен бөлүштү. Көптөр жердештерин сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүгө үндөштү. Катышуучулар өз суроолорун узатып, ынанымдуу жоопторду алышты.

Уюштуруучулар бөбөктөргө боеочу китептер, карандаштар жана ымыркайлар суу ичиши үчүн бөтөлкөлөр өңдүү жагымдуу белектерди беришти.

Маалымат үчүн: Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) Кыргызстанда 2024-жылдын 22-апрелинен 28-апрелине чейин өтүп жатат. Бул жылы жумалык ДСУнун Эмдөө боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгына жана Кыргызстандагы улуттук иммунизациялоо программасынын 30 жылдыгына арналды.