icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн тренинг өттү

👁 142

Опубликовано: 16 февраля 2024
Обновлено: 17 февраля 2024

Бүгүн, 16-февралда Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн тренинг өттү. Бул тренинг кызамыкка байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалга жана шаарда оорунун жайылышын токтотууга арналды.

Медицина кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, кызамыктын жайылышынын себептерин аныктоо, ошондой эле Бишкек шаарында кызамык оорусун токтотуу үчүн мындан аркы кадамдарды аныктоо тренингдин негизги максаты болуп саналат.

Окууну Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл ай коомунун техникалык колдоосу менен Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкерлери өткөрүштү.

Тренингдин программасында төмөнкүлөр бар: оорунун очокторунда эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, оору менен байланышта болгон адамдарды аныктоо, кызамык жана кызылча ооруларынын алдын алуу, маалымдуулукту жакшыртуу үчүн калк менен иш алып баруу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар өлкөдөгү, тактап айтканда Бишкек шаарындагы кызамык боюнча эпидемиологиялык абалды жакшыртуунун маанилүү чараларын талкуулашты. Жер-жерлерде диний топтор жана ЖМК менен күчтүү коммуникациялык иштерди жүргүзүү аркылуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу мындай чаралардын маанилүү пункту болуп саналат.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 9-февралындагы №102 “Республикада кызамыктын жана кызылчанын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында өткөрүлүп жатат.

Эске сала кетсек, республикада кызамыкка байланыштуу кырдаал курч бойдон кала берүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө кызамыктын 7 миңден ашуун учуру катталса, 2024-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин дагы 2000 учур катталды.

Кызамыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө. Кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы эмдөө Кыргызстандын эмдөө календарына киргизилип, бала 12 айга толгондо жана 6 жашка чыкканда сайылат.