icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Эмдөө көптөгөн жугуштуу оорулардан коргонуунун эффективдүү жолу экенин эстен чыгарбоо керек

👁 121
Опубликовано: 16 ноября 2023

ДССУнун Европа регионалдык бюросунун регионалдык директору, доктор Hans Henri P. Kluge Ак-Ордо жаңы конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барды.

«Мен Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин тырышчаактыгы жана аракетчилдиги мени абдан таң калтырды, алар адамдарга жардам берип, кам көрүп, эмдөө аркылуу балдар менен чоңдорду ар кандай оорулардан коргоп жатышат. Бүгүн Бишкектин тургундары эмдөөдөн өтүп жатканын көрүп абдан кубандым. Эмдөө көптөгөн жугуштуу оорулардан коргонуунун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү жолу экенин эстен чыгарбоо керек», — деп белгиледи өз сөзүндө ДССУнун Европа регионалдык бюросунун аймактык директору, доктор Hans Henri P. Kluge КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско менен биргелешкен көчмө иш сапарынын жүрүшүндө.

Коноктор бүгүн Ак-Ордо жаңы конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, баштапкы деңгээлдеги коомдук саламаттык сактоонун кызматынын иши менен таанышышты.

Өз кезегинде Ак-Ордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери конокторго күнүмдүк иштери, ошондой эле кызамыкка каршы эмдөө боюнча иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Коноктор ата-энелер жана балдар менен баарлашып, жалпысынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу, тактап айтканда, эмдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашты.

Сапардын жүрүшүндө Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова ДССУ менен кызматташуу тууралуу жана 2023-жылдын сентябрынан тарта бир катар аймактарда кызамык оорусуна жооп катары демилгеленген эмдөө өнөктүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө, электронщик системасы lэмдөө, мобилдик топтун калкты эмдөөдө жакшы жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди.

«Кыргыз Республикасынын улуттук эмдөө программасынын маанилүү кадамы Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда эмделбеген балдардын жана шаардык мигранттардын эмдөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан колдоого алынган мыйзамдарга талдоо жүргүзүү ички мигранттардын балдарына улуттук календарга ылайык эмдөөлөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу менен жашаган жери боюнча эмдөөгө уруксат берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келди», — деди Бүбүжан Арыкбаева, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Сапардын аягында коноктор медицина кызматкерлерине чексиз берилгендиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.