icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасында кызамык боюнча абал

👁 276
Опубликовано: 28 сентября 2023

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 2316 кызамык оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 660 учур, Ош шаары – 302 учур, Ош облусу – 654 учур, Баткен облусу – 93 учур, Чүй облусу – 277 учур жана Жалал-Абад облусу – 170 учур, Талас облусу – 84 учур, Ысык-Көл облусу облуста – 65 учур, Нарын облусунда – 11 учур. Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат.⠀

Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 18-сентябрдан башталып 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында — бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө.⠀

18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55% түздү.⠀

Урматтуу ата-энелер, силер өзүңөрдүн балдарыңарды эмдөө аркылуу, аларды оорулардан коргойсуңар жана ата-энелер менен балдарды караган башка адамдарга үлгү боло аласынар.⠀

Кененирээк маалыматты биздин веб-сайттын «Кыргыз Республикасындагы вакциналардын түрлөрү» бөлүмүнөн караңыз. РИБнин расмий сайты: https://privivka.kg/ Социалдык тармактардагы жаңылыктарга көз салыңыз.