icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Иммунизацияны жактоочу фактылар жана аргументтер

👁 2468

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 17 октября 2021

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ВОЗ) иммунизация вакцинациянын жардамы менен олуттуу оорулардын алдын алуу ыкмаларынын эң эффективдүүсү деп эсептейт. 

Иммунизация жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана балдар арасындагы өлүмдү жок кылуу боюнча эң керектүү иш чаралардын бири. Болжол менен 2-3 миллионго жакын өлүмдөрдүн алдын алып, күндө 10 миңге чукул адамдын өмүрүн сактап, ооруу жана майып болуп калуу коркунучунан алып калат. 

2003-жылы кызылча эпидемиясы Европа регионунун мамлекеттериндеги 4,5 миң жаш өмүрдү алып кетти. Бирок 2000 жылдан 2013-жылга чейин жасалган кызылчага каршы вакцинация кызылчадан каза тапкандардын санын 75%га кыскартып, 15,6 миллион өмүрдү сактап калды. Кызылчага каршы вакцина коомдук саламаттыкты сактоодогу эң натыйжалуу жетишкендиктердин бири. 

Суу чечектен жыл сайын дүйнө боюнча 5 миллион адам көз жумуп келген. Вакцинациянын жардамы менен бул илдет 1978-жылы толугу менен жок кылынды. Бүгүнкү күндө ал оору эч кимдин эсинде да жок.

Полиомиелитти жок кылуу жана ага каршы эффективдүү вакцинаны иштеп чыгуу боюнча глобалдык аракеттердин натыйжасы менен 16 миллиондон ашык адам шал оорусунан куткарылышты. 1988-жылдан тартып полиомиелит дартына туш болгондордун саны 99%га азайган: 2017-жылы полиомиелит менен катталгандардын саны 350 000ден 22ге чейин төмөндөгөн. 

Иммунизация боюнча улуттук, регионалдык жана глобалдык максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасы Европалык Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун регионалдык бюросу катары 2011-жылы «Инфекциялык оорулардын иммунопрофилактикасы тууралуу» Мыйзамын кабыл алган. 

Вакцинация жүргүзүлгөндүктөн Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында полиомиелит, дифтерия, кургак учуктук менингит жанан тырышма, 1 жашка чыга элек балдардын арасында вирустук гепатит В катталган эмес. Көк жөтөл, эпидемиялык паротит, кызылча жана кызамык оорусуна чалдыгуу кыйла төмөндөгөн.

Иммунизация программасы жүргузүлүп жаткандыктан, Кыргызстанда коркунучтуу инфекциялардын жандануусунун терс таасирлери эч качан болгон эмес. Ошондон улам, көпчүлүктүн арасында вакцинация оорунун озүнө караганда коркунучтуу деген жаңылыш пикир пайда болду. Бирок микроб менен вирустар дагы деле бизди курчап турган чөйрөдө бар, эгер калкты иммунизациялоо деңгээли төмөндөсө, эпидемия жүрүү коркунучу дале бар.

Вирустар активдүү циркуляцияда болгон аймактардан инфекциялык ооруларды алып келүү кооптуу тенденция болуп саналат. Маселен 2014-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы кызылчанын пайда болушуна жана жайылышына Европа региондорундагы жана КМШ чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө глобалдуу эпидемиялык туруксуздук себепкер болгон. Вакцинациядан баш тартуу популяциялык (жамаатык) иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Бул демек, кызылча, кызамык, полиомиелит, дифтерия жана башка инфекцияларга ыңгайлуу шарт түзүлүп жатат дегендик. Жамааттык иммунитет 80%дан төмөн түшүп кетсе, өлкөдө эпидемия жүрөт.

полиомиелитти ликвидациялоо боюнча глобалдуу жетишкендиктерге карабастан, бул инфекция ушул күнгө чейин эки мамлекетте ликвидациялана элек, алар: Пакистан жана Афганистан. 2010-жылы дүйнөдө 1292 паралитикалык полиомиелит катталган. 2010-жылы полиомиелиттин ири туталанышы Тажикстанда болду: 458 бейтап катталып, анын ичинен 26сы көз жумган. Бул жандануу Россия, Түркмөнстан жана Казакстанда да вирустун жайылышына алып келди. Кыргызстан эпидемияга каршы жүргүзүлгөн иш чараларга жана полиомиелитке каршы 5 жашка чейинки балдар арасында бир катар массалык иммунизациялоо кампанияларына байланыштуу, вирустун жайылышын алдын алууга жетишкен.    

Эгер биз иммунизациялоону токтотуп койсок, бирин-эки катталган оорулар ондогон, жүздөгөн миңдиктерге тез эле жетет. Эмделбеген балдар өздөрү ооруп, айланасындагыларга да жугузушу мүмкүн. Эмделбей калган балдардын саны аз болсо деле, вирустук, инфекциялык оорунун жайылып кетишине себепкер болуп калышы ыктымал.  Калкты иммунизациялоо эң ийгиликтүү жана эффективдүү медико-санитардык иш чара болуп саналат. Ар бир бала анын өмүрүн сактап калуучу вакциналар менен колдонууга акысы бар.