icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Республика боюнча медициналык кызматкерлер үчүн кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында локализациялоо боюнча окутуу тренингдер башталды

👁 595
Опубликовано: 31 июля 2023

2023-жылдын 31-июлдан 17-августка чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору, Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте эпидемиялогиялык көзөмөл системасын активдештирүү жана кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында чектөө максатында биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү (БМСЖ), стационардык жана коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн кызамык/кызылча ооруларынын эпидемиологиялык көзөмөлүн жогорулатуу жана ошондой эле полиомиелитке/курч шал оорусуна (ВКБ) эпидкөзөмөлүнө сак болуу маселелери боюнча интеграцияланган тренингдерди өткөрүүдө. Ар бир облустан 40ка жакын медициналык кызматкер – үй-бүлөлүк дарыгерлер окутулат.

Кызамык/кызылчанын өтө жугуштуулугуна байланыштуу эпидемиялогиялык көзөмөл системасын күчөтүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жана оорукананын ичинде инфекциянын, өзгөчө 1 жашка чейинки балдарга таралуу коркунучу бар.

Медициналык кызматкерлерди окутуунун негизги максаты — бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызамык жана кызылча ооруларына, ошондой эле полиомиелит оорусуна чалдыккандардын эң кичинекей топторун да табууга жөндөмдүүлүгүн жана вирустун үзгүлтүксүз табигый циркуляциясын аныктоого билим деңгээлин жогорулатуу.

Окутуунун жүрүшүндө медицина кызматкерлери этиологиясы, диагностикасы, дарылоосу жана алардын клиникалык табияты боюнча кеңири маалымат алышат, жана ошондой эле байкоо системасынын иштеши ооруларды иликтөө жана диагнозду тастыктоо боюнча да кеңири талкууланат.

Тренингдер КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 28-июлунда №908 «Баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча медициналык кызматкерлери үчүн кызамык жана кызылча ооруларын өз убагында локализациялоо тууралуу окутуу тренинг өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде, БДССУнун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында республика боюнча 300дөн ашык медицина кызматкерлери окутулат.