icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

ДССУнун Европа аймактык бюросу Кыргызстандагы вакцинаны башкарууну жакшыртууга болгон иш-аракеттерди колдойт

👁 596
Опубликовано: 3 октября 2023


2023-жылдын 25-сентябрынан 29-сентябрына чейин БДСУнун Европа
аймактык бюросунун миссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги мурда өткөрүлгөн Вакциналарды натыйжалуу
башкаруусун баалоонун негизинде үзгүлтүксүз өркүндөтүү планын иштеп
чыгууда техникалык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга келишти.

Миссиянын негизги максаты – калкка вакциналардын ишенимдүүлүгүн,
сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо өлкөгө колдоо көрсөтүү.
Үзгүлтүксүз өркүндөтүү планы муздак чынжырдын жабдууларын,
операцияларын, башкарууну, мониторингди жана вакциналарды жеткирүү
чынжырын көзөмөлдөөнү оптималдаштыруу үчүн үзгүлтүксүз процессти камсыз
кылат.

Планды иштеп чыгуунун жүрүшүндө конкреттүү милдеттер талкууланды:
• муздак чынжыр системасын өнүктүрүү контекстинин негизги
аспектилерин талдоо, анын ичинде саясаттарды, стратегияларды жана эмдөө
программасына таасир бере турчу өнөктөштөрдү колдоо;
• жакшыртууну талап кылган багыттарды кароо, аныкталган
кемчиликтерди талдоо жана жакшыртуу үчүн максаттуу багыттарды аныктоо;
• артыкчылыктуу иш-чаралар жана аларды ишке ашырууга чыгымдарды,
жооптуу структураларды жана мөөнөттөрдү аныктоо, ошондой эле өнүктүрүү
боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу;
• пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн
индикаторлорду талкуулоо жана макулдашуу.

Бул миссиянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигине вакциналарды эффективдүү башкарууну жакшыртуу
боюнча алдын ала план берилген.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын августунда республикада вакциналарды
эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык-улуттук баалоо жүргүзүлгөн. Бул
баалоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 7
өлкөнүн эл аралык эксперттердин катышуусу менен жүргүзүлүп, ар бир 3-5
жылда вакциналардын эффективдүү башкаруусу боюнча баалоо жүргүзүлөт.
Мындай баалоо бардык өлкөлөрдө жүргүзүлөт жана баалоонун жыйынтыгы
боюнча эмдөө программасында муздак чынжырды жакшыртуу планы иштелип
чыгат.