icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

2023-жылдын 12-13-декабрь күндөрү Бишкекте адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө боюнча тренингдер өтүп жатат

👁 132

Опубликовано: 12 декабря 2023
Обновлено: 13 декабря 2023

2023-жылдын 12-13-декабрь күндөрү Бишкекте адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө боюнча тренингдер өтүп жатат. Бул тренингдерге Кыргызстандын бардык облустарынан медициналык кызматкерлер, ыктыярчылар, Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, иммунологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана вакцина сайган медайымдар катышууда.

Калк менен бул багытта байланыш түзүү боюнча билимди жогорулатып, адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүн масштабын кеңейтүү бул иш-чаранын негизги максаты болуп саналат.

Окууну Республикалык иммунопрофилактика борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун кызматкерлери өткөрүп жатышат. Тренингдерге Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму техникалык колдоо көрсөттү.

Тренингдин программасы эмдөөнү киргизүүнүн өзгөчө маанилүү өңүттөрүн камтыйт.

Катышуучулар максаттуу аудитория менен иштөөнүн зарыл методикасын өздөштүрүп, ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнө эмдөөнүн зарылдыгын жеткиргенди үйрөнүп, күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда жасалчу иш-аракеттердин алгоритмин даярдай алышат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эмдөөгө каршы болсо, кандай жүйөлөрдү колдонуш керектигин талкуулап жатышат. Ошондой эле катышуучулар диний топтор менен иш алып барганды, калк арасында эмдөөлөргө байланыштуу агартуу иштерди жүргүзгөндү, ЖМКлар менен байланыш түзгөндү, эмдөөлөр жөнүндө жалган маалыматтардын алдын алганды, конкреттүү калктуу конушта кандай каналдар аркылуу элге натыйжалуу маалымат берсе болоорун, бул темада башка тийиштүү көйгөйлөрдү чечкенди үйрөнүп жатышат.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 18-июлундагы №859 “Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздар арасында адам папилломасына каршы эмдөөнү киргизүү жөнүндө” буйругун ишке ашырып, аймактарда АПВга каршы эмдөөнүн масштабын кеңейтүү максатында өткөрүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 11 жашка толгон өспүрүм кыздар арасында адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына 2022-жылы киргизилген. Эмдөө өлкөдө жыл сайын 300дөн ашуун аялдын өмүрүн алып жаткан оор жана коркунучтуу жатын моюнчасынын рагын алдын алуу максатында жасалып жатат.