icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

450 миңден ашуун бала кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө алышты.

👁 281
Опубликовано: 17 октября 2023

Республикалык иммунопрофилактика борбору жыл башынан бери 2842 адам кызамык оорусуна чалдыкканын, анын 209у чоңдор жана 2628и жаш балдар экенин, анын ичинен 2037си 4 жашка чейинки балдар арасында катталганын билдирди. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (757 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (670 адам), Чүй облусунда (389 адам), Жалал-Абад облусунда (440 адам), Баткен облусунда (94 адам), Таласта (90 адам), Ысык-Көлдө (67 адам) жана Нарын облусунда (14 адам).

Бишкек шаарында жана Ош областында оорунун көбөйүшү профилактикалык эмдөөлөрдүн аз камтылышы жана эмделбеген балдар ооруп калган учурда уюштурулган коллективдерде оорулардын жайылышы менен байланыштуу.

Өлкөнүн айрым аймактарында — Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында башталган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы уланууда. 

Кампаниянын алкагында 9 айдан 7 жашка чейин жаш балдар, анын ичинде кызамык жана кызылчага каршы эмдөө статусуна карабастан эмделүүдө. Республика боюнча 2023-жылдын 18-сентябрынан 16-октябрына чейин балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө менен камтуу максаттуу топтун 76%ын түздү.

Ош шаарында кошумча эмдөө кампаниясынын камтылышы — 71%, Ош облусунда — 95%, Бишкек шаарында — 52%, Чүй облусунда 70%га жетти.

Ош шаарында жана Ош облусунда көбүрөөк камтууга жетишүү менен инфекциянын жугуусу байкаларлык азайып, жумасына эң көп дегенде 5 учур катталды, ал эми Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кошумча эмдөө менен камтуунун төмөн деңгээлине байланыштуу курч кырдаал азырынча сакталууда жана жумасына 20дан 50гө чейин учур катталууда. Камтуунун аз болушунун негизги себеби — эмдөөдөн баш тартуу. Инфекциянын жүрүшүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн камтуу 95% дан жогору болушу керек.

Кызамык — коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун татаалдашы өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдор коркунучка кабылышат. Эмдөө гана оорудан коргой алат.

Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө, инфекцияны алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору.