icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстанда кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация боюнча кампания старт алды.

👁 152
Опубликовано: 18 сентября 2023

Бул окуяга байланыштуу «Кабар» КУМАда коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси З. Бейшебаева, КР ССМнын Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г. Ишенапысова, КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү Д-р Ливиу Ведраско жана КРдагы  ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампания кызамыктын вирусунун айланышын төмөндөтүү, оорунун чыккан жерин аныктоо жана анын мындан ары Кыргызстанда жайылуусуна жол бербөө максатында өтүп жатат. 

Кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен иммунизациялоо Бишкек, Ош шаарларынын, Ош жана Чүй областтарынын аймагында жүргүзүлөт жана 29-сентябрга чейин уланат. Эмдөө, балдардын эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы (эмдөө жасалып жаткан учурда 7ге толгон) балдардын бардыгына жасалат. 

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелеринде түзүлө турган убактылуу эмдөө пункттарында акысыз алууга болот. 

Максаттуу топтун ичинен кампания башталганга чейин 28 күндөн кем эмес убакыт калганда КПК вацинасын алган балдар гана чыгарылат.

Ошондой эле кампании жүргүзүлүп жаткан учурда Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен областтарынын аймагында кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен пландуу иммунизациялоонун алкагында кызамык жана кызылчага каршы «ордун толуктоочу» иммунизация жүргүзүү күчөтүлмөкчү. 

Эске салсак, кызамык – бул коркунучтуу жана абдан жугуштуу вирустук оору. Балдарды коргоонун жалгыз ыкмасы эмдөө болуп саналат!