icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бүгүн Ош шаарында кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталганына карата басма сөз жыйыны өттү.

👁 153
Опубликовано: 20 сентября 2023

Бүгүн Ош шаарында кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталганына карата басма сөз жыйыны өттү. Жыйынга КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова, Ош облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Талантбек Арстанкулов, Оштогу саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурумбетов, ФКДСОО жана МСЭК БМОПБ башкы дарыгери Мамирасул Өмүрзаков, ЮНИСЕФтин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн саламаттык сактоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Суренчимек Ванчинкху катышты.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кызамык менен ооругандардын саны 2018ге жетти, алардын басымдуу бөлүгү – балдар. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү вирустун жайылышын алдын алмакчы. Балдарыңыздын ден соолугун сактоо үчүн аларды эмдеңиз!”,- деди Гульбара Ишенапысова.

“ЮНИСЕФ ДСУ менен биргеликте балдарды кызамыкка жана кызылчага каршы жапырт эмдөө ишинде Кыргызстандын өкмөтүн колдоп жатканына кубанычта. Биз бардык өнөктөштөрдү, өзгөчө Саламаттык сактоо министрлигин өлкөдө мындан ары вирустун күч албашы үчүн пландуу эмдөөнү күчөтүүгө чакырабыз”, — деди Суренчимек Ванчинкху.

Басма сөз жыйынынан кийин журналисттерге Ош шаарындагы №10 ҮДБга пресс-тур өткөрүлүп, алар эмдөөгө тиешелүү суроолоруна жооп алышып, эмдөө кабинетинде болушту.