icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бүгүн статистиканын алкагында эмдөөнүн натыйжалуулугу жөнүндө сөз болот

👁 204
Опубликовано: 15 мая 2023

▶️ Бүгүн статистиканын алкагында эмдөөнүн натыйжалуулугу жөнүндө сөз болот.

✅ Кызамыкка каршы эмдөө 60 жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат жана бул жылдар аралыгында вакциналар алдын алуунун натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы экендигин көрсөттү. Дайыма жасала турган эмдөө кызамык оорусунун он эсеге азайышына алып келди. 2000-жылдан 2015-жылга чейин кызамыктан каза болгондордун саны 79%га кыскарган, бул вакциналар дүйнө жүзү боюнча 20,3 миллион баланын өмүрүн сактап калды дегенди билдирет. Бирок, азыр эмдөөдөн баш тартуунун натыйжасында дүйнө жүзүндө кызамык оорусу күч алууда.

✅ Эксперттердин эсеби боюнча, полиомиелитке каршы вакцинанын аркасында дүйнөдө бир жарым миллион адам аман калып, 18 миллион адам толук басып, жашай алат. Азыр полиомиелит Афганистанда жана Пакистанда кезигет, жылына ооругандардын ондогон учурлары болот.

✅ Селейме өтө кооптуу болгондуктан, бүгүнкү күндө да анын өлүмүнүн көрсөткүчү бардык оорулардын ичинен эң жогору. Селейме менен ооруган бардык адамдардын төрттөн бирине чейин каза болушат, ал эми жашоо деңгээли төмөн өлкөлөрдө – 80%га чейин өлүмгө алып келет. Эксперттердин айтымында, эмдөө селеймеге каршы вакцина киргизилгенден бери 20 миллионго жакын адамдын өмүрүн сактап калды.