icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкек шаарында Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин XXXVI жыйынынын алкагында

👁 170
Опубликовано: 15 ноября 2023

Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин XXXVI жыйынынын алкагында уюштурулган “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” урааны астында “Ден соолук-2023” жарышы өттү.

Жарыш миңден ашык катышуучунун башын бириктирди, анын ичинде КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери, медицина кызматкерлери жана медициналык окуу жайлардын студенттери катышты.

Бул жарыш физикалык активдүүлүккө дем берүү үчүн гана эмес, ошондой эле сергек келечекти түзүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн иштелип чыккан.

Жарыш 1 км жана 2 км болгон эки аралыкта уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мындан тышкары республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эстелик медалдар тапшырылды.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолду.