icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

ДСУнун ЕАБ миссиясы Кыргыз Республикасында эмдөө программасын санариптештирүүнүн жол картасы боюнча консультация берүүдө

👁 44
Опубликовано: 15 марта 2024

ДСУнун ЕАБ миссиясы 12-марттан 14-мартка чейин Кыргыз Республикасында болуп, эмдөө программасын санариптештирүүнүн жол картасы боюнча консультацияларды берип кетти.

Миссиянын курамына ДСУнун Европа Регионалдык Бюросунун аналитика мониторинг маселелери боюнча консультанты, доктор Роберт Пасторе, ошондой эле ДСУнун ЕАБнын консультанты Дорианн Делия кирди.

Миссиянын жүрүшүндө делегация бир нече медициналык мекемелерде болуп, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө санариптик чечимдерди колдонуу практикасы менен таанышып чыкты. Атап айтканда, эксперттер “I Emdoo” эмдөө боюнча маалыматтык системасы менен тааныша алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө миссиянын мүчөлөрү стационардын жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруунун күнүмдүк ишинде санариптик аспаптарды жигердүү колдонгон медицина кызматкерлери менен жолугушту. Алар вакциналарды системада каттоо боюнча “I Emdoo” маалыматтык системасынын иш жүзүндө колдонулуп жатканы менен тааныша алышты.

Миссиянын соңунда Саламаттык сактоо министрлиги, саламаттык сактоо уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен Кыргыз Республикасынын эмдөө программасын санариптештирүүнүн жол картасын ишке ашыруудагы жылышка биргелешкен сереп жасалды.