icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Эдиль Байсалов: Баланын ден соолугун коргоо, ага билим берүү мамлекеттин эң маанилүү милдети

👁 118
Опубликовано: 23 декабря 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйын өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, быйылкы жылы Кыргыз Республикасында кызамык оорусуна шектелип 6228 учур катталып, анын 5894 учуру кызамык катары кабыл алынган.

Республика боюнча 2023-жылдын 10 айында кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи дозасы менен камтылышы 76% түзсө, экинчи дозасы 76,5% түздү.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын эмдөө жана профилактикалык иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Ар бир бала мамлекеттин камкордугунда. Баланын ден соолугун коргоо, ага билим берүү мамлекеттин эң маанилүү милдети. Бул улуттук коопсуздук маселеси. Балдарды оор ооруларга каршы эмдөө боюнча иш-аракеттерди, анын ичинде эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Вакциналарды сатып алуу үчүн Министрлер Кабинети керектүү финансылык каражаттарды бөлөт”, — деди ал.

Жыйындын соңунда Саламаттыкты сактоо министрлигине кызамык оорусуна каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылышын күчөтүү, профилактикалык эмдөө менен камтуу деңгээлин 95%дан кем эмес кармап туруу, калктын эмдөөгө болгон ишенимин жогорулатуу боюнча тынымсыз иш алып баруу тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер жана балдар арасында эмдөөнүн маанилүү ролу тууралуу түшүндүрүү тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын дин башкармалыгына Кыргызстандын мусулман коомчулугунун жана башка диний конфессиялардын арасында эмдөө иштерин уюштурууда жана өткөрүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Каржы министрлигине 2024-жылы калкты иммунизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кошумча каражат бөлүү маселесин кароо тапшырылды.