icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Эл аралык медайымдардын күнү

👁 257
Опубликовано: 15 мая 2023

❗Бүгүн, 12-май Эл аралык медайымдардын күнүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун жамааты эмдөөдөн өткөн медайымдарды куттукташты. Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөр менен жогорку камтууга жетишүүгө кошкон чоң салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

▶️ Куттуктоолор менен катар медайымдарга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды. «Иммунизациялоо кызматында, өзгөчө медайымдардын, тагыраак айтканда, эмдөөчү медайымдардын ишинин маанилүүлүгүн белгилегибиз келет, анткени биздин ишибизде эмдөө боюнча медайымдар Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөр менен жогорку камтууга жетишүүгө чоң салым кошууда», — деди Гульбара Ишенапысова, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору.

❗ Урматтуу медайымдар! Сиз ата-энелер үчүн эң ишенимдүү маалымат булак болуп саналасыз жана ата-энелерге эмдөө маалыматын түшүнүүгө жардам берүү, алардын балдарын эмдөө боюнча чечимин колдоодо негизги ролду ойнойсуз.

☝️ Биз кызматты ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн керек болгон сиздин тажрыйбаңызды жогору баалайбыз. Эмгегиңиз, чыдамкайлыгыңыз жана туруктуулугуңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!

Медайымдардын күнү менен 🎉