icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 60тан ашык студенти кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүн өткөрүүгө жардам беришүүдө. Өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында башталган жана 29-сентябрына чейин созулат.

👁 192
Опубликовано: 26 сентября 2023

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 60тан ашык студенти кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүн өткөрүүгө жардам беришүүдө. Өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында башталган жана 29-сентябрына чейин созулат.

Эмдөөнүн биринчи аптасында ыктыярчы студенттер өнөктүктү уюштурууда жана өткөрүүдө медициналык кызматкерлерге жардам беришти. Экинчи аптада студенттер эмделбеген балдарды аныктап, кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө маселелери боюнча ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшмөкчү.

Болочоктогу дарыгерлер ҮМБда, мектептерде жана бала бакчаларда карточкаларды толтуруп жатышат, эмделгендер жөнүндө маалыматты жалпы базага киргизип, балдарды текшерип, ата-энелерине телефон чалышууда, аларга эмдөө тууралуу маалыматты жеткирип, дагы көптөгөн маанилүү иштерди жасашууда.

Өнөктүк кызамык вирусунун таралышын азайтып, ага бөгөт коюп, Кыргызстанда андан ары жайылышына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат.

Эске сала кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн алкагында И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын студенттеринин арасынан тандалган ыктыярчыларды бул өнөктүккө алдын ала даярдашкан.

Маалымат үчүн: Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында өтүп жатат жана 29-сентябрга чейин уланат. Аталган аймактарда бул вирустар кеңири жайылууда.

Өнөктүктүн алкагында эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки бардык балдар (эмдөө жүргүзүлгөн учурда) вакцина алууга тийиш.

Вакцинаны ҮМБда/ҮДТда/ФАПта жана билим берүү мекемелеринде түзүлгөн убактылуу эмдөө пункттарында акысыз алууга болот.

Эмделиши керек болгон максаттуу топко өнөктүк башталганга чейин 28 күнгө жетпеген убакытта вакцина алган балдар гана кирбейт.

Кызамык – коркунучтуу жугуштуу оору, бул вирустун кесепеттери оор болуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Кызамыктан коргонуунун жалгыз гана натыйжалуу ыкмасы – эмдөө.