icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Көк жөтөл эмнеси менен коркунучтуу?

👁 876
Опубликовано: 10 января 2024

10 жыл мурда эле көк жөтөл жок деп эсептелчү: себеби эмдөө өз вазыйпасын аткарып, адамзаты бул ооруну жеңген. Бирок өткөн жылы Кыргызстанда көк жөтөл менен ооругандардын саны көбөйгөнү байкалды.

2023-жылы Кыргыз Республикасында көк жөтөл менен катталган учурлардын саны өстү. Жалпысынан 2023-жылдын 9 айында эле 1708 бала көк жөтөлгө чалдыкканы аныкталды. Өзгөчө маанилүү бир жагдай: ооруган балдардын көбүнүн ата-энеси убагында профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартышкан. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2022-жылы көк жөтөл оорусунун 52 учуру катталган.

Көк жөтөл – дем алуу органдарын жабыркаткан оору, аны Bordetella pertussis бактериясы козгойт. Бул оору кеминде эки жумага созулуп, өзгөчө түнкүсүн жана эртең менен токтобогон жөтөл менен коштолот. Жөтөл менен кошо оорулуунун бети албырып, оор дем алып, тынымсыз жөтөлдөн кийин илээшкек былжыр түрүндө какырык чыгат же кусат.

Бейтап катуу жөтөлүп, чүчкүргөндө өтө тердейт. Оорунун башка да белгилери бар: бейтаптын дене табы 38 градуска көтөрүлөт, өзүн алсыз сезет, катуу кыйналгандыктан көзүнүн тегереги шишип, кызарып чыгат. Ошол эле учурда оорулуунун жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системалары жабыркай баштайт.

Инфекция аба аркылуу жугат. Көк жөтөл өтө жугуштуу оору болгондуктан, вирусту жуктуруп алышы мүмкүн адам башкалардан обочолонушу керек. Инкубациялык мезгил 3 күндөн 2 жумага чейин созулат. Көк жөтөл өзгөчө наристе балдар үчүн кооптуу, себеби алар ооруну тез эле жуктуруп алышат. Оору өтүшүп кетсе, ал башка да ооруларды ээрчите келет. Адатта көк жөтөлдүн кесепетинен улам бейтап бронхит, пневмония жана плеврит ооруларына да кабылат.

Урматтуу ата-энелер!

Ооруну алдын алуунун жалгыз өзгөчөлүү ыкмасы – көк жөтөлгө каршы эмдөө, вакцина көк жөтөлгө чалдыгуу тобокелдигин, балдарда бул инфекциянын оор түрлөрүн азайтууга багытталган. Көк жөтөлгө каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр календарына киргизилген.

Көк жөтөлдөн комплекстүү вакцина (АКДС-ВГВ-ХИБ) адегенде бала 2 айга толгондо, андан кийин 3,5 айында жана 5 айында жасалат.

Бул эмдөөлөр баланы гана эмес, анын айланасындагы адамдарды да коркунучтуу инфекциянын оор жана күтүүсүз кесепеттеринен коргойт.