icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору КР Улуттук Кызыл Ай коому менен кызматташууну жогору баалайт.

👁 172
Опубликовано: 22 сентября 2023

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору КР Улуттук Кызыл Ай коому менен кызматташууну жогору баалайт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы (КК жана КЖАКЭФ) кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу калкты эмдөө боюнча мамлекеттик өнөктүктү колдоо үчүн ыктыярчыларды жана кызматкерлерди мобилизациялап жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кызамык оорусунун тастыкталган 2151 учуру катталды. Кызамык – дүйнөдөгү өтө жугуштуу оорулардын бири жана балдар арасында өлүмдүн негизги себептеринин бири. Бул ооруну эмдөө аркылуу гана дээрлик толугу менен алдын алууга болот.

“Кызамык жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүү жамааттарда башталып, ошол жакта соңуна чыгат. Вакцина сыяктуу жөнөкөй нерсе көптөгөн өлүмдөрдүн жана оорулардын алдын алууга жардам берет. Бирок өлкөдө вакциналарга карата ишенбестик мамилени өзгөртүү үчүн дагы кыйла жолду басып өтүшүбүз керек”, — деди Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун президенти Чыңгыз Жакыпов.

“Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунда жалпы өлкө боюнча окуудан өткөн 250дөн ашык ыктыярчы жана кызматкерлер бар, алар колдоо керек болгон калктуу конуштарда жашап, иштешет. Биз адамдарга кызамыктан жана кызылчадан өздөрүн кантип коргой алары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатып, жалган маалымат жана коркуу сезимдери менен күрөшүп, эмдөөгө байланышкан суроолорго жооп берип, эмдөө пункттары жана медициналык кызматтар менен байланышты камсыз кылып жатабыз”, — деп белгиледи ал.

КК жана КЖАКЭФ түзүлгөн кырдаалда Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомуна колдоо көрсөтүүгө жардам берүү үчүн Табигый кырсыктарга жооп кайтаруучу чукул фонддон 139 миң швейцар франкын бөлүп берди. Алдыдагы айларда Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому 70 000 адамды эмдөөгө даярданып жатат.

Эске салсак, өнөктүк оорулардын көрсөткүчү өзгөчө жогору болгон облустарда жана шаарларда (Ош жана Бишкек шаарларында, Ош жана Чүй облустарында) өтөт.