icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына өзгөртүүлөр киргизилди. Кызылчага-паротитке-кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасы эми 2 жаштагы балдарга сайылат

👁 54
Опубликовано: 14 марта 2024

Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу боюнча КР Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги кызамык вирусун токтотуп, андан ары жайылышына жол бербөө үчүн чукул чараларды көрүп жатат.

Эмдөө боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун илимге негизделген сунуштамаларынын негизинде Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды: кызылчага-паротитке-кызамыкка каршы вакцина буга чейин 6 жаштагы балдарга сайылып келсе, эми Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 5-мартындагы №237 буйругу менен 2 жаштагы балдарга да сайыла баштайт.

Республикада кызамык боюнча абал курч бойдон кала берүүдө: 2024-жылдын 12-мартына карата 5446 учур катталды. 2023-жылдан бери жалпы мезгил ичинде катталган учурлардын саны 7046га жетип, 9 адам оорудан каза болду.

1 жаштан 4 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу максатында Эмдөө боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу 2 жаштагы балдарды кызамыкка жана кызылчага каршы ревакцинациялоодон өткөрүүнү сунуштады, себеби дал ушул куракта эмдөө кызамык оорусун жуктуруп алуу тобокелдигин азайтат. Кызамыкка каршы эмдөөнүн ортосундагы аралыкты кыскартуу менен организмди вирустан узакка коргоого жана ооруга туруштук берүүгө даярдаса болот.

Эмдөө – бул заманбап медицинага белгилүү болгон жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу жана экономикалык жактан үнөмдүү коргонуу каражаты.

Канчалык көп адам тигил же бул ооруга каршы иммунитетке ээ болсо, калган адамдардын ооруга чалдыгуу ыктымалдуулугу да ошончолук азаят, эпидемия чыгуу коркунучу  ошончолук аз болот.

Өзгөртүүлөр киргизилген Профилактикалык эмдөөлөр календары 

Милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек болгон жарандардын категориялары жана курагыВакциналар
Жаңы төрөлгөн ымыркайларВГВ, БЦЖ
2 айлык балдарПента-1, ПКВ-1,ОПВ-1, РВ-1
3,5 айлык балдарПента-2, ОПВ-2, ИПВ-1,РВ-2
5 айлык балдарПента-3, ПКВ-2, ОПВ-3, РВ-3
9 айлык балдарИПВ-2
12 айлык балдарПКВ-3, КПК-1
2 жашка чыккан балдарАКДС, КПК-2
6 жаштагы балдарАДС
11 жаштагы балдарАДС-М (бир жолу) АПВга каршы вакцина (кыздарга, бир жолу)
Өспүрүмдөр жана бойго жеткендер: 16, 26, 36, 46, 56 жаштагыларАДС-М (бир жолу)