icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

👁 190
Опубликовано: 8 января 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөө алды. Министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, — деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 илдетине жумалык мониторинг улантылууда. Ага ылайык, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Курч респиратордук оорулар менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен көрсөткүчтөр боюнча COVID-19га анализдер тандалып алынат, лабораториялык жыйынтыктар боюнча 1 жуманын ичинде 1 тастыкталган учур катталган (Ош ш.).

Ошондой эле, COVID-19га шектелген учурда ПЦР изилдөөгө анализ алынат. Учурда баардык облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборлорунда ПЦР лабораториялары иштеп, тесттик системалар менен камсыздалган.

Маалымат үчүн:

2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейинки мезгил аралыгындажалпысынан 6 889 780 доза вакцина келип түштү жана сатылып алынды, анын ичинен:

1 548 780 доза — COVAX механизми боюнча;

2 780 200 доза – гуманитардык жардам;

Республикалык бюджеттин эсебинен «Синофарм» өндүрүшүнө таандык 2 560 800 доза вакцина сатылып алынган, алар өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн ДССУнун өзгөчө тизмесине киргизилген. Бул дозалар 2021-2022-жылдары колдонулган, эмделген адамдар жөнүндө маалыматтар коронавируска каршы эмдөөлөрдүн электрондук реестрине киргизилген. Бул системага 3,2 миллиондон ашык маалымат киргизилип, 1,5 миллиондон ашык сертификат түзүлгөн.

Эмдөө боюнча маалыматтар:

— Биринчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 700 833 адамды (76%) түзөт;

— экинчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 516 904 адамды (63%) түзөт;

— Үчүнчү доза менен эмделгендердин саны 430 329 адам.

— Жалпы колдонулган – 4 700 439 доза вакцина.

Бул дозалар калкты кошумча жана кайталап эмдөө үчүн колдонулат. Бүгүнкү күндө республикадагы бардык эмдөө пункттарында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза өлчөмүндө ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталында Pfizer вакцинасынын20,000 дозасы келет деп күтүлүүдө.