icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстан Астанада адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө

👁 155
Опубликовано: 17 ноября 2023

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги 16-17-ноябрь күндөрү Астанада өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда. Конференция “Адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөөгө жалпынын жеткиликтүүлүгү, натыйжалуу коммуникация жана калк менен иш алып баруу аркылуу жатын моюнчасынын рагын токтотуу” деген темада өтүүдө.

17-ноябрь – ДССУнун жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча иш-аракеттеринин күнү. Бул күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана анын эл аралык өнөктөштөрү жатын моюнчасынын рагын токтотууга багытталган иш-чараларды өткөрүп келишет. Бул оору жыл сайын 300 000ден ашуун аялдын өмүрүн алып кетүүдө.

Конференция АПВга каршы эмдөө аркылуу жатын моюнчасынын рагынын алдын алууга, ошондой эле медицина кызматкерлеринин калкты оорунун тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо стратегиясын жана пландарын өркүндөтүүгө багытталган.

Конференциянын максаттары:

Казакстанда, Борбор Азияда, ДССУнун Европа чөлкөмүндө жана башка өлкөлөрдө жатын моюнчасынын рак оорусунун жайылуусуна сереп салуу.

Коомдук пикир менен таанышуу жана АПВга каршы эмдөө тажрыйбасы боюнча жүргүзүлүп жаткан учурдагы изилдөөлөргө сереп салуу.

АПВга каршы эмдөөнү жайылтуунун эл аралык жана чөлкөмдөгү тажрыйбасын карап чыгуу.

COVID-19 пандемиясы учурундагы жана андан кийинки глобалдык жана чөлкөм ичиндеги тобокелдиктер, анын ичинде эмдөө тууралуу маалымдоо системасын изилдөө, коомдук ишеним, коомчулуктун катышуусу жана тобокелдиктерди маалымдоо стратегиялары менен таанышуу.

Конференцияга Австралиядан, Сингапурдан, Түштүк Кореядан, Тайланддан, Жапониядан, АКШдан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген баяндамачылар жана ДСУнун өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын биринчи күнүндө жатын моюнчасынын рагын алдын алуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде АПВга каршы эмдөө талкууга алынды.

Кыргызстан – АПВга каршы эмдөөнү киргизүү багытында ийгиликтүү иш алып барып жаткан өлкөлөрдүн бири. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Астанадагы конференцияга катышып жаткан өлкөлөргө өз тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен Республикалык иммунопрофилактика борборунун директорунун орун басары Гульнара Жумадиловна, Бишкек мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бакытбүбү Шамырканова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева катышууда.

Конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүндө, Европа чөлкөмүнө кирген жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жатын моюнчасынын рагынын жайылып жатканына сереп жасалып, талкууланды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында 11 жаштагы кыздар арасында АПВга каршы эмдөөнү 2022-жылы киргизген.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 240 287 өспүрүм кыздын ичинен 173 078и (72%) биринчи доза менен эмделди. Экинчи дозаны 143 773 кыз (62%) алды.