icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы өтүүдө: вакцинанын ар бир дозасы сизди жана жакшы көргөн адамдарыңызды коргоо үчүн маанилүү

👁 694

Опубликовано: 24 апреля 2023
Обновлено: 26 апреля 2023

Бишкек – 24-апрельде Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) башталды. Бул жылы жумалык ДССУнун “Боштуктун ордун толуктоо” өнөктүгүнүн колдоосу астында уюштурулуп жатат. Бул өнөктүк дүйнө жүзү боюнча балдар арасында эмдөө көрсөткүчүнүн тынчсыздандырарлык деңгээлде түшүп кетишине байланышкан көйгөйдү чечүү максатын көздөйт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен 2023-жылдын 24-апрелинен 30-апрелине чейин Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүүдө. ЕЭЖ калкты жугуштуу оорулардан сактоочу негизги профилактикалык иш-чаралардын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Жумалыктын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылууга көмөктөшкөн вакциналарга бирдей жана кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө.

Эмдөө жагынан алып караганда, өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти. ДССУнун Европа чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрү менен бирге 2002-жылы Кыргызстан полиомиелиттен эркин өлкө катары аныкталган. 2019-жылы ДССУ Кыргызстанды кызамыктан эркин өлкө деп тааныган. Акыркы жылдары ГАВИнин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстандын улуттук эмдөө календарына бир нече вакциналар киргизилген: 2016-жылы пневмококкко каршы вакцина (ПКВ), 2018-жылы полиомиелитке каршы вакцина, 2019-жылы ротавирус вакцинасы жана 2022-жылы адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы вакцина.

Бирок, 2020-жылдан бери кээ бир балдар вакцинанын бир же бир нече дозасын, анын ичинде кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын өткөрүп жиберген деп болжолдоого негиз бар. Ата-энелер балдарын эмдөөлөрдүн толук курсунан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары вакцинанын бир да дозасын өткөрүп жибербеши үчүн, эгер өткөрүп жиберсе, мүмкүн болушунча тезирээ алышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгону маанилүү.

“Кыргыз Республикасында 2023-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгы вакциналарды көбүрөөк балдарга жеткирүүгө жана калктын бардык жаш курактык категориялары үчүн иммунизациянын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөгө багытталган. Кеңири масштабдуу эмдөө киргизилгенге чейин кызамыктын ири эпидемиялары болжол менен 2-3 жылда бир болуп, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын болжол менен 2,6 миллион адамдын өмүрүн алып кетчү. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө кызамык боюнча абал чыңалып турат, бирок профилактикалык эмдөө оорунун өсүшүн токтото алат. Жарандарды кызамыкка жана кызылча ооруларына каршы эмдөөгө олуттуу мамиле жасоого чакырабыз.

Иммунизация эмдөө алган адамдарды гана эмес, жамааттык иммунитеттин жардамы менен вакцина ала албаган адамдарды да коргойт. Эмдөө кабинеттери менен кошо 7 күн бою бардык аймактарда 76 мобилдик бригада да иштейт, алар профилактикалык эмдөө календарына ылайык балдарды жана чоңдорду пландуу жана буга чейин алынбай калган эмдөөдөн өткөрүшөт. Ошондой эле жетүүгө оңой болбогон аймактарда COVID-19га каршы эмдөө да өткөрүлө тургандыгын белгилегим келет”, — деди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна.

“Бул жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна 75 жыл толду. Акыркы ондогон жылдар бою Саламаттык сактоо министрлиги жана көптөгөн өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иштешип, калктын ден соолугун чыңдоо жаатында чоң ийгиликтерге жетиштик. Бул жетишкендиктерге вакциналардын натыйжалуулугу жана улуттук эмдөө программасынын ийгиликтүү иши себепчи болду. Кыргызстандын, ДССУнун жана башка өнөктөштөрдүн ортосундагы уланып жаткан кызматташтыктын аркасында биз COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңип чыгып, балдарды жана чоңдорду вакцинанын жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон коркунучтуу оорулардан коргоого багытталган иш-чараларды улантабыз деп ишенебиз”,-деп белгиледи ДССУнун Кыргыз Республикасындагы Регионалдык директорунун атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин аткаруучу, доктор Шахин Хусейнов.

“Мындан бир нече күн мурда ЮНИСЕФ иммунизациялоо жөнүндө “2023-жылга карата дүйнөдөгү балдардын абалы: ар бир бала үчүн эмдөө” аттуу жаңы глобалдык баяндамасын чыгарган эле. Отчетто баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кадрларды чыңдоодон баштап, саламаттыкты сактоого жана иммунизацияга кеткен чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, гендердик тоскоолдуктарды жоюуга жана вакциналар менен вакцина продуктуларына жаңы инновацияларды киргизүүгө чейинки бир катар чечимдер берилген. Коомчулукту тартып, вакциналар жөнүндө жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү менен өткөрүлгөн бул иш-чаралар балдарды эмдөө масштабын калыбына  келтирүү боюнча аракеттерибизге коомчулуктун катышуусун камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ болот”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло.

***

Маалымат үчүн: жыл сайын ДССУнун Европа чөлкөмүндө Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өткөрүлүп келет. Бул өнөктүк оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн зор мааниге ээ болгон иммунизацияны кеңири таанытууга багытталган. ЕЭЖ биринчи жолу 2005-жылы өткөн жана ага чөлкөмдөгү саналуу гана өлкөлөр катышкан. “Ар бир бала вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу” деген маалыматты жайылтуу аркылуу көбүрөөк баланы эмдөө демилгенин максаты болуп саналат. ЕЭЖ дароо эле чөлкөмдөгү коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эң көрүнүктүү жана белгилүү өнөктүктөрдүн бирине айланып кетти.