icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 5 162 учуру катталды

👁 102
Опубликовано: 6 декабря 2023

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 5 162 учуру катталды. Эске салсак, 24-ноябрга карата бул ооруну 4 484 адам жуктуруп алганы аныкталган.

27-ноябрдан 3-декабрга чейин кызамык оорусу Ош шаарында, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында катталган жок. Буга чейин Бишкек, Ош шаарларында жана Ош облустарында вирус кеңири жайылып жаткан эле. Ушул тапта оорунун экинчи толкуну башталып, вирус Бишкекте, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жигердүү тарап жатканы байкалууда.

Аталган аймактарда балдарын эмдегендер аз болгондуктан оору күч алды. “Бир жашында жана алты жашында пландуу эмдөөлөрдү өткөрүп жиберген, вирустун алдында аярлуу абалда турган балдар көбөйдү. Мындан тышкары, вакцина менен камтылгандардын төмөн көрсөткүчү эмдөөдөн баш тарткандардын санынын көбөйүшүнө, тышкы жана ички миграциянын күч алышына байланыштуу болуп жатат”, — деп белгилешти адистер.

Өлкөдө кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө уланууда. Баланы эмдөө менен, сиз аны олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерден коргоп, жалпы аймак үчүн кызамык оорусунун күч алуу тобокелдигин азайткан болосуз.  Баласын коргоо – ар бир ата-эненин тикелей милдети!