icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык – өтө жугуштуу жана коркунучтуу оору

👁 437
Опубликовано: 27 декабря 2023

Ооруп калдым деп шектенсеңиз, туура диагноз койдуруп, жакшы дарылануу үчүн чукул арада дарыгерге кайрылышыңыз керек. Дарыгерди үйүңүзгө чакырыңыз! Эгерде дене табыңыз өтө жогору болсо, тез жардам кызматын чакырыңыз.

Ооруп жаткан балаңызды бала бакчага же мектепке жиберүүгө, соода борборун кыдырууга болбойт. Эл көп катышкан иш-чараларга, тойлорго, концерттерге, спорттук мелдештерге барууга да тыюу салынат. Ооруган адамдар жумушка чыкпашы керек.

Кызамыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө. Кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы эмдөө Кыргызстандын эмдөө календарына киргизилип, бала 12 айга толгондо жана 6 жашка чыкканда сайылат.

Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө маселелери боюнча колл-борборго кайрыла аласыз. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун базасында түзүлгөн колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

+996 (551) 880 229

+996 (708) 521 710

+996 (703) 126 442

+996 (501) 323 011

+996 (999) 323 011

+996 (312) 323 011

Кызылчанын белгилери: адам өзүн алсыз сезип, абалы начарлайт, башы ооруйт, дене табы 38°C көтөрүлөт, мурду бүтөт, жөтөлөт, көзү кызарып, жаш чыгат, ошондой эле ооздун ичинде майда ак тактар пайда болуп, андан кийин бүт денеге ысык чыгат.