icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык – балдар жана чоңдор үчүн коркунучтуу вирустук инфекция.

👁 298
Опубликовано: 22 сентября 2023

Кызамык – балдар жана чоңдор үчүн коркунучтуу вирустук инфекция. Вирусту оорулуу менен бир аз байланышта болгондо деле жуктуруп алышыңыз ыктымал.

Оору жеңил өтүп, өмүр бою ага каршы иммунитет пайда болушу мүмкүн, же оор формада өтүп, кээде ден соолукка олуттуу залал келтирип, ал тургай өлүмгө да алып келиши ыктымал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча саат сайын кызамыктан 15 адам көз жумат, бул жылына 165 000 адамды түзөт. Ал эми 1980-жылга чейин каза болгондордун саны 20 эсе көп болчу!

Айрыкча Африканын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндө бул вирустан көз жумгандардын көрсөткүчү жогору. Ал жакта балдардын өлүмүнүн 20% кызамык оорусуна байланыштуу болот. Кызамыкка каршы атайын дарылоо жок, бирок эмдөө адамды вирустан коргой алат.

Кыргызстанда жалпы эмдөөнүн жардамы менен кызамыктын ири эпидемиясынын алдын алууга мүмкүн болду. 1 жана 6 жаштагы балдар кызамыкка, кызылчага жана эпидемиялык паротитке каршы эмдөөдөн өтүшөт.

АТА-ЭНЕЛЕР! ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

Ар бир адам эмдөөдөн өтүүгө укуктуу. Бул жашоого болгон укук сыяктуу  эле негизги укук. Эмдөөдөн баш тартуу менен сиз балаңыздын ден соолугун жана өмүрүн тобокелдикке кептейсиз! Баланы өз убагында эмдөө менен сиз аны жана башкаларды коркунучтуу кесепеттерден коргогон болосуз!