icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык боюнча кырдаал

👁 85
Опубликовано: 7 марта 2024

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору 2024-жылдын 5-мартына карата Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун 4 855 учуру катталганын маалымдайт.

Анын ичинен Бишкекте 1 428, Ошто 331, Ош облусунда 831, Баткен облусунда 112, Чүй облусунда 1 042, Жалал-Абад облусунда 922, Талас облусунда 75, Ысык-Көл облусунда 80, Нарын облусунда 54 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус күч алып жатканын көрсөттү: 1-4 жаш курактагылар арасында 1732 учур ( 36%), 1 жашка толо элек балдардын арасында 1684 учур (35%), 5тен 9 жашка чейинкилер арасында 696 учур (14,3%), 10дон 14 жашка чейинкилер арасында 222 учур (4,5%), 15тен 19 жаштагылар арасында 77 учур (1,6%), 20 жаштан 29 жашка чейинки курактагылар арасында 244 учур (5,02%) 30 жана андан жогору курактагылар арасында 200 учур (4,1%). 

Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Эске сала кетсек, кызамыктын күч алышына жооп катары төмөнкүдөй чаралар көрүлүп жатат:

— республиканын бүткүл аймагы боюнча пландуу эмдөө иштери күчөтүлдү;

— кызамык менен ооруган адамдар менен байланышта болгондордун арасында эмдөө жүргүзүлүп жатат;

— вакцина алуудан баш тарткан ата-энелерге назарды буруп, профилактикалык эмдөөлөрдүн масштабын кеңейтүү боюнча иш-чаралар күчөтүлдү;

— Бишкекте жана республиканын аймактарында мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин арасында окуулар өткөрүлүп жатат.