icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык боюнча кырдаал

👁 113
Опубликовано: 28 февраля 2024

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, 2024-жылдын 27-февралына карата Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун 4078 учуру катталды.

Анын ичинен Бишкекте 1207, Ошто 226, Ош облусунда 602, Баткен облусунда 100, Чүй облусунда 961, Жалал-Абад облусунда 803, Талас облусунда 68, Ысык-Көл облусунда 65, Нарын облусунда 46 учур катталды.

Ооругандардын 85% – 10 жашка чыга элек балдар. Республика боюнча 1 жашка толо элек балдардын арасында 1 379 учур (34%), 1-4 жаш курактагылар арасында 1 505 учур (37%), 5тен 9 жашка чейинкилер арасында 595 учур (14,5%), 10дон 14 жашка чейинкилер арасында 178 учур (4,3%), 15тен 19 жаштагылар арасында 63 учур (1,5%) катталды. Ал эми 20 жаштан 29 жашка чейинки курактагылар арасында 196 учур (4,8%), 30 жана андан жогору курактагылар арасында 162 учур (3,9%) катталды.

Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Эске сала кетсек, кызамыктын күч алышына жооп катары төмөнкүдөй чаралар көрүлүп жатат:

— республиканын бүткүл аймагы боюнча пландуу эмдөө иштери күчөтүлдү;

— кызамык менен ооруган адамдар менен байланышта болгондордун арасында эмдөө жүргүзүлүп жатат;

— вакцина алуудан баш тарткан ата-энелерге назарды буруп, профилактикалык эмдөөлөрдүн масштабын кеңейтүү боюнча иш-чаралар күчөтүлдү;

— Бишкекте жана республиканын аймактарында мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин арасында окуулар өткөрүлүп жатат.