icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык күч алды. Эмдөөдөн качкандарды кандай коркунуч тооруйт?

👁 260
Опубликовано: 17 августа 2023

Быйыл Кыргызстанда кызамык оорусу күч алып, жыл башынан бери 1704 учур катталды. Илдетти жуктуруп алган бир жана үч жаштагы бөбөктөр чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги чарчап калган балдардын ата-энелери диний көз карашынан улам балдарын эмдетпегенин билдирди. Үч жаштагы бөбөк Бишкекте, бир жашар наристе Чүй облусунда көз жумган.

Министрликтин маалыматы боюнча ушул тапта Республикалык инфекциялык ооруканада 60тан ашык бала дарыланып жатат.

Быйыл аймактар боюнча эң көп 609 учур Ош обулсунда катталса, эң аз алты учур Нарын облусуна туура келет. 

Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова илдет дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө катталып жатканын айтып, муну эмдөөнүн пайызы төмөндөп кетиши менен байланыштырды. 

“Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясы учурунда ар кандай чектөөлөрдөн улам эмдөөнүн көрсөткүчү 88 пайызга чейин түшүп кеткен. Негизи көрсөткүч 95 пайыздан жогору болуп турушу керек. Кыргызстанда 2022-жылдан баштап профилактикалык иш-чараларды жүргүзү менен эмдөөнүн көрсөткүчүн 90 пайызга жеткирдик, – деди Ишенапысова.

Гүлбара Ишенапысова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 

«Диний көз караштан улам эмдөөгө каршылар көбөйүүдө»

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, кызамык бир жылда 100 миңдей адамдын өмүрүн алып кетет жана алардын басымдуу бөлүгү балдар.

Кыргызстанда кызамыкка каршы бир жаштан алты жашка чейинки балдар бекер эмделет. Барган сайын айрым ата-энелердин эмдөөдөн баш тарткан учурлары көп катталып жатканын дарыгерлер айтып келишет. 

«Диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартуу негизи көйгөй боюнча калууда. 2012-жылдан бери бул көрсөткүч жогорулап жатат. 2017-жылы төрт миңге чейин ата-эне эмдөөдөн баш тарткан болсо 2022-жылы бул көрсөткүч 12 миңге жетти”, – деди Ишенапысова.

2019-жылы бир нече мамлекеттик мекеме Муфтият менен биргеликте диний көз караштардан улам баш тарткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзгөн. Ушул эле жылы Муфтият эмдөө боюнча айтайын фатва да чыгарган. 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин Атабаев ислам дини эмдөөгө тыюу салбай тургандыгын, бул ар бир адамдын өз ыктыяры экенин билдирди.

  Муфтийдин орун басары Самидин Атабаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Муфтийдин орун басары Самидин Атабаев

“Исалмда дарыланууга тыюу салынбайт, кайра үгүттөйт. Дин кызматкерлери ЖМКлар аркылуу, атайын иш-чараларда элди ден соолугуна кам көрүүгө дайыма үндөп келет. Эмдөөгө шарият эч кандай тыюу салбай тургандыгы боюнча биздин Аалымдар кеңеши атайын фатва чыгарган. Диний көз караштан улам айрымдар эмдөөдөн өтпөйт деген пикирлер айтылып келет. Биз тараптан эч кандай тыюу жок. Ар бир адамдын өзүнүн ыктыяры. Эгер кимдир бирөө күмөндөнсө анда ал өзү текшертип алуусу керек. Динибизде эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбай турганын билдиребиз”, – деди муфтийдин орун басары.

Кызамыктын кесепеттери коркунучтуу

Кызамык — өтө жугуштуу вирустук оору. Ал аба аркылуу жугат. Биринчи симптомдору сасык тумоо сыяктуу башталат, дене ысыйт, жөтөл, баш ооруйт. Андан кийин денеге бүртүк-бүртүк болгон майда жара чыгат. Оору күчөгөндө отит, пневмония, бронхит, энцефалитке өтүп кетет. Инфекция иммунитетти начарлатып, айрым учурда оорулуу адамдын өлүмүнө алып келет. Кызамык өзгөчө ымыркайларга жана беш жашка толо элек балдарга абдан коркунучтуу.

“Кызамыктын вирусун өлтүрө турган атайын дары жок. Ошондуктан бул ооруну эмдөө аркылуу гана токтото алабыз. Бул оорунун эң коркунучтуусу, өтүшүп кеткени. Жаш балдарда илдет өтүшүп кетсе баладагы микроб жана вирустарга каршы күрөшө турган иммунитетин жок кылып салат. Мындай учурда бала башка ооруларга да туруштугу жок болуп, чарчап калышы мүмкүн”, – деди дарыгер Дилара Исакова.

Кызамык беш жашка чейинки  балдарга абдан коркунучтуу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызамык беш жашка чейинки балдарга абдан коркунучтуу

Эмдөө – ооруну алдын алуунун жалгыз жолу 

Дарыгерлер белгилегендей, кызамык менен балдар эле эмес учурунда эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор дагы оорушу мүмкүн. Ооруга каршы бир жана алты жашында эмдөөдөн өткөндөрдө оруга каршы иммунитет өмүр бою жүрөт. Бул илдетке чалдыккандар кийин кайра оорубайт. Республикалык эмдөө борбору өлкөдө кызамыкка каршы вакцина жетиштүү экенин айтып келет.

Кыргызстанда кызамыкка каршы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар бекер эмделет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда кызамыкка каршы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар бекер эмделет.