icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык менен ооругандардын 81% эмдөө албагандар.

👁 843
Опубликовано: 9 июля 2023

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британия, Австрия, Түркия, Сербия, Армения, Тажикстан, Россия Федерациясы, Казакстан сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионунун 17ден ашык өлкөлөрүндө кызамык оорусунун көбөйүшүн эске алуу менен, өз убагындагы кызамыкка каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.

COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун өсүшүндө негизги ролду ойноду.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Белгилей кетсек, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун 29%нын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33%ы эмдөөдөн баш тартышкан, 8%ы медициналык себептерден, 1,3%ы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 %ынын эмдөө статусу белгисиз.

Кызамык оорусун аймактар боюнча каттоо: Ош облусу — 394 учур, Ош шаары — 207 учур, Бишкек шаары — 135 учур, Баткен облусу — 67 учур, Жалал-Абад облусу — 55 учур, Чүй облусу — 44 учур, Талас облусу — 55 учур жана Ысык-Көл облусу — 44 учур. Бойго жеткен калктын арасында илдеттин катталышы бирин-серин.

Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.

Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.

«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Бардык жарандарды Кыргызстанда кызамык оорусунун жайылышын алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз биргеликте балдарыбыз жана жалпы коом үчүн коопсуз жана сергек чөйрөнү түзө алабыз”, — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г. Баатырова.