icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык – жугуу деңгээли жогору болгон курч инфекциялык вирустук оору.

👁 302
Опубликовано: 15 августа 2023

✔️ Кызамык – жугуу деңгээли жогору болгон курч инфекциялык вирустук оору. Бул вирус жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Кызамык менен чоң адамдар да, балдар да ооруп калышы ыктымал.

✔️ Вирусту жуктурган адамда оорунун белгилери пайда болгон учурдан баштап, денеге исиркектер чыкканга чейин эле ал адам ооруну башкаларга жуктурушу мүмкүн экенин билүү маанилүү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, кызамык бир жылда 100 миңдей адамдын өмүрүн алып кетет жана алардын басымдуу бөлүгү – балдар.

Инкубациялык мезгил орточо 7 күндөн 21 күнгө чейин созулат. Оору суук тийгенде жана сасык тумоодо болчу белгилер менен башталат: адам өзүн алсыз сезет, мурду бүтөт, жөтөлөт, дене табы көтөрүлөт. Мына ушул белгилерден кийин гана денеде исиркектер пайда болот, адегенде моюнга жана бетке чыгып, андан соң бүт денеге тарайт.

Кызамык оорусунун кесепеттери коркунучтуу: өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши сокурлукка алып келиши мүмкүн. Оор учурларда бул оору адамдын өмүрүн да алып кетет.

✔️ Кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы эмдөө Кыргызстандагы эмдөө календарына киргизилген. Вакцина 12 айлык жана 6 жаштагы балдарга жасалат.  Баланы ушул ооруларга каршы эмдөө менен, ата-эне баланы олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерден коргоп кала алат. Вакцина менен алдын алуу иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.