icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамыктын күч алышына жооп иретинде Жалал-Абад облусунда эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды.

👁 60
Опубликовано: 14 марта 2024

Бүгүн, 14-мартта Жалал-Абад облусунун аймагында кызамыктын кулач жайышына чара көрүү максатында кошумча эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды.

Эмдөө маалында кызамыкка-кызылчага каршы вакцина сайылат. Ушул айда өлкөгө 264 500 доза вакцина келди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарынын Протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн вакцинага каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө.

Өнөктүктүн жүрүшүндө вакцинаны максаттуу топко кирген балдардын 95 пайыздан кем эмеси алууга тийиш. Пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтөт.

Эмдөөнү ҮМБдан/ҮДТдан/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Бардык башка облустарда кызамыкка-паротитке-кызылчага (КПК) каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылчага-кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.

Маалымат үчүн: Кызамык – коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоп калуунун жалгыз жолу – эмдөө!

Эске сала кетсек, кызамык вирусунун жайылышын басаңдатып, анын андан ары күч алышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын сентябрында эмдөө өнөктүгүн жүргүзгөн. Бул өнөктүктүн алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар кызамыкка жана кызамыкка каршы кошумча эмдөөдөн өтүшкөн. Өнөктүктүн биринчи этабында 479 386 бала вакцина алган (бул максаттуу топтун 79 пайызын түзөт).