icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Медицина кызматкерлери эмдөөнүн коопсуз практикасы боюнча билимин жогорулатышууда

👁 178
Опубликовано: 6 декабря 2023

2023-жылдын 27-ноябрынан 4-декабрына чейин эмдөө кабинеттеринин медициналык кызматкерлери, иммунологдор жана эпидемиологдор окууга катышууда. Бул окуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 23-августундагы №1016 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык калдыктарды башкаруунун стандарттуу операциялык жол-жоболорун жана ийнелер менен алмашуу программасын бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу үчүн уюштурулду. Окууну КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, ошондой эле Республикалык инфекциялык контролдоо илимий-практикалык борборун адистери өткөрүп жатышат. Окууларды өткөрүүгө техникалык колдоону Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көрсөтүүдө.

Саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык калдыктарды ченемдик талаптарга жана иммунизациялоонун коопсуз практикасына ылайык башкаруу окуунун негизги темалары болуп саналат.

Эмдөөнүн коопсуздугу – бул төмөнкүлөрдү камтыган процесс:

▶️ вакциналардын сапатын,

▶️ эмдөөдөн кийинки терс белгилерге эпидемиологиялык көзөмөлдү,

▶️ вакциналарды сактоону жана иштетүүнү,

▶️ вакциналарды саюуну,

▶️ эмдөөдөн кийин медициналык калдыктарды коопсуз башкарууну.

Окуунун жүрүшүндө катышуучуларга вакцина менен башкарылуучу инфекциялар, вакциналардын “муздак чынжырын” сактоо, эмдөөнүн коопсуз тажрыйбасын камсыз кылуу, саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык көзөмөлдүн талаптарын сактоо жана медициналык калдыктарды башкаруу боюнча материалдар берилет.