icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Медицина кызматкерлери кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабына даярданууда

👁 65
Опубликовано: 8 марта 2024

2024-жылдын 4-мартынан тарта Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери өлкөдө кызамыктын тамыр жайышына жооп катары медицина кызматкерлери үчүн окууларды өткөрө баштады. Окуулар кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өткөрүү боюнча өнөктүктүн экинчи этабына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулду.

Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон кала берүүдө. 2024-жылдын 5-мартына карата Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун 4 855 учуру катталды.

Кызамык вирусу өзгөчө борбор калаада, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында күч алууда.

Тренингдер Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өтүп жатат.

Калктын эмдөөгө байланышкан маалымдуулугун кеңейтүү үчүн медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу окуунун негизги максаты болуп саналат.

Кызылча жана кызамык жөнүндө маалыматтар, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө дайындар, кызылчага жана кызамыкка каршы вакцинаны колдонуу боюнча нускамалар, эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөр жана сактык чаралары жөнүндө суроолор тренингдердин программасына киргизилди. Ошондой эле тренингдердин катышуучулары кызыкдар тараптар менен маалымат жагынан иштешкенди жана коммуникацияны ишке ашырганды үйрөнүп жатышат.

Окуу медициналык кызматкерлерге калк менен, өзгөчө эмдөөдөн өтүшү керек болгон балдардын ата-энелери менен туура байланышты түзүүгө жардам берет.