icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Медициналык кызматкерлер кызылчага жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө өнөктүгүн баштоого даяр.

👁 201
Опубликовано: 20 сентября 2023

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнө даярдык көрүүнүн алкагында медициналык кызматкерлер үчүн 2023-жылдын 11-сентябрынан 15-сентябрына чейин бир апта бою окууларды өткөрүп чыгышты.

Калктын эмдөөгө байланышкан маалымдуулугун кеңейтүү үчүн медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу окуунун негизги максаты болуп саналат.

Кызамык жана кызылча жөнүндө маалыматтар, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө дайындар, кызамыкка жана кызылчага каршы вакцинаны колдонуу боюнча нускамалар, эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөр жана сактык чаралары жөнүндө суроолор тренингдердин программасына киргизилген. Ошондой эле тренингдердин катышуучулары кызыкдар тараптар менен маалымат жагынан иштешкенди жана коммуникацияны ишке ашырганды үйрөнүштү.

Окуу медициналык кызматкерлерге калк менен, өзгөчө эмдөөдөн өтүшү керек болгон балдардын ата-энелери менен туура байланышты түзүүгө жардам берет.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №1093 “Кошумча эмдөө өнөктүгүн жүргүзүү жөнүндө” буйругуна ылайык өткөрүлүүдө. Тренингдерди өткөрүүгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму колдоо көрсөтүп жатат.