icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте Эмдөөнүн европалык жумалыгына арналган тегерек үстөл болуп өттү

👁 537
Опубликовано: 26 апреля 2023

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык Эмдөө борборунун, Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү, ошондой эле БДССУ,  ЮНИСЕФ, ЮСАИД бүгүнкү күндөгү эмдөө чөйрөсүндөгү маанилүү чараларды жана медицина өкүлдөрү менен эл аралык өнөктөштөрдүн алдында турган милдеттерди талкуулашты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коомунун колдоо көрсөтүүсү астында болуп өттү.

Чогулгандар менен учурашуу сөзүндө КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевдик кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо жана башкармалыгынын адиси Жаныбек Убраимов «Бардык өнөктөштөргө жемиштүү кызматташтык үчүн, калктын саламаттыгын сактоого жана калкка вакцинациялоо жүргүзүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирем» — деди.

24-апрелден баштап Кыргыз Республикасында Эмдөөнүн европалык жумалыгы (ИЕЖ) башталды. Бул жылы жумалык БДССУнун «Коё берген мүмкүнчүлүктүн ордун толтуруу» чакырыгынын алдында уюштурулду, анын максаты балдарды вакцинациялоонун деӊгээли бүткүл дүйнө жүзү боюнча төмөндөп жаткандыгына  тынчсыздануу көйгөйүн чечүү болуп эсептелет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Эмдөөнүн европалык жумалыгынын алкагында буйрук чыгарылып, калкты вакцинациялоону жүргүзүүнүн жана уюштуруунун коммуникациялык планы бекитилди, муну менен бирге баса белгилеп айта кетким келет, эмдөөчү бөлмөлөр менен катар эле, алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарынын негизинде балдарды жана чоӊ адамдарды пландык жана кууп эмдөөнү жүргүзүү үчүн бардык аймактардан 76 мобилдик бригада тартылат, ошондой эле бардык жетүү кыйын болгон алыскы аймактардагы калктын бардык жаш курактагы категорияларына COVID-19 каршы вакцинация жүргүзүлөт».

Тегерек үстөлдүн катышуучулары вакцинациянын маанилүүлүгү боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.    

Эмдөө – бул адамды оорулардын козгогучтары менен байланышканга чейин аны  алардан коргоонун жөнөкөй, коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Жана алдын алуучу медицинанын бул жааттагы өнүгүүсү коомго, мамлекеттин экономикасына, жарандардын ден соолугуна баа жеткис пайданы алып келет.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык Эмдөө борборунун директору Гульбара Ишенапысова буларды белгилеп өттү: «Вакцинациялоо планында өлкө маанилүү ийгиликтерге жетишти. БДССУнун Европалык аймагындагы башка өлкөлөрү менен биргеликте, Кыргызстан 2002-жылы полиомиелиттен эркин өлкө катары сертификацияланган. 2019-жылы БДССУ Кыргызстанды кызамыктан эркин өлкө катары тааныды. Акыркы жылдары ГАВИнин, БДССУнун жана ЮНИСЕФтин колдоо көрсөтүүсү астында Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук календарына бир нече вакциналар киргизилди:2016-жылы пневмококк ооруларына каршы вакцина, 2018-жылы шал ооруларына каршы вакцина, 2019-жылы, 2019-жылы ротавирус инфекциясына каршы вирус жана 2022-жылы адамдын папиллома вирустарына каршы (АПВ) вакцина.

Бирок, 2020-жылдан баштап айрым балдар вакцинанын бир же бир нече өлчөмдөрүн, анын ичинде кызамыкка каршы вакцинанын биринчи өлчөмүн албай коё беришти деп божомолдоого негиз бар. Ата-энелердин өз балдарын эмдөөнүн толук курсунан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана алардын балдары вакцинанын бир дагы өлчөмүн албай калышкан жокпу текшерүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун маанилүүлүгүн түшүнүүлөрү абдан мааниге ээ, а эгерде албай калган учурлар болсо – коё берген вакцинаны артынан кууп алуулары зарыл.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык эл аралык уюмдарга-донорлорго – БДССУ, ЮНИСЕФ, Вакцинациялоо жана Иммунизациялоо боюнча Глобалдык Альянска ыраазычылык билдирет. Кыргыз Республикасындагы Улуттук Кызыл жарым ай коомунун ишмердүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз сиздердин өз ишмердүүлүгүӊүздөрдү ар кыл багытта аткарып жаткандыгыӊыздарды билебиз, бирок негизги басым саламаттыкты сактоого жана калктын аярлуу топторуна социалдык жардам көрсөтүүгө жасалууда. Сиздерге жемиштүү кызматташтык үчүн абдан чоӊ ыраазычылыгымды билдирем жана калктын саламаттыгын сактоого колдоо жана техникалык жардам көрсөткөнүӊүздөргө таазим этем. Баардыгыӊыздарга чыӊ ден соолук, ар бириӊиздердин үй-бүлөӊүздөргө бакубаттык жана активдүү, жемиштүү эмгектенүүнү каалап кетүүгө уруксат этсеӊиздер».  

Кыргызстанда коопсуз эмдөө процессинин ишенимдүү системасы түзүлдү жана анда олуттуу эл аралык стандарттар гана колдонулууда, ошондой эле бул чөйрөгө дайыма мониторинг жүргүзүлүүдө.  

Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева буларды белгилеп өттү: «Чындыгында эле абдан чоӊ иштер аткарылды. Жана биз эмнени көрүп жатабыз? Комплекстүү түрдө гана ийгиликке жетүүгө болот. Ар бир көйгөйдү бардык тарабын камтыган комплекстүү иш-чаралар менен гана четтетүүгө болот. Биз эл аралык уюмдарга жардам жана колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн абдан ыраазычылык билдиребиз, өзгөчө медициналык персоналды окутуу боюнча  көрүлгөн аракеттерди баалайбыз. Биз медицина кызматкерлеринин потенциалдарын, анын ичинде жеке баарлашуу боюнча потенциалдарын жогорулата алганыбызга кубанычтабыз. Медициналык кызматкерлерге карата ишеним өстү. Биздин бардык багыттар боюнча иштерибиз улана берет».

Ошондой эле тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму,  дүйнө жүзүндөгү адамдардын баардыгы коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын жардамы аркылуу корголуусун камсыз кылуунун үстүнөн иштеп жаткандыгы белгиленди.